Акыркы макалалар

Өкмөт түзүмүндө Инфраструктура министрлиги түзүлүшү мүмкүн

Кыргызстандын парламенти өкмөттүн жаңы түзүмүнүн долбоорун карап чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин аппаратынан маалымдашты.

Көпчүлүк коалиция кеңеши өкмөттүн жаңы түзүмүнүн долбоорун карап чыккан. Долбоорго ылайык, өкмөттүн жаңы курамы 9 министр, 1 мамлекеттик комитет, аткаруу бийлигинин 9 органынан турушу керек.

Долбоорго ылайык өкмөттүн жаңы курамы төмөнкүдөй түзүлүүгө тийиш:

Премьер-министр,

1. Биринчи вице-премьер-министр

2. Аппарат жетекчиси-министр

3. Вице-премьер-министр

4. Вице-премьер-министр-Өнүгүү жана соода министри

5. Вице-премьер-министр- Инфраструктура министри

Министрликтер

1.Каржы министрлиги

2. Өнүгүү жана соода министрлиги

3. Инфраструктура министрлиги

4. Билим берүү министрлиги

5. Коргоо министрлиги

6. Тышкы иштер министрлиги

7. Ички иштер министрлиги

8. Юстиция министрлиги

9. Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министрлиги

10. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Белгилей кетсек, учурда өкмөттө 15 министрлик жана 1 мамлекеттик комитет бар.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...