Акыркы макалалар

Жеке учагы менен учуп келген таасирлүү ишкер Атамбаевге жолугушу мүмкүн

Бишкекке Россиянын таасирлүү ишкерлеринин бири Сулейман Керимов учуп келди. Ишкер Polyus Gold International, ВТБ компанияларынын акцияларынын 40 пайызына жана "Анжи" футбол клубуна ээ, мындан тышкары Россиянын Федерация кеңешинин мүчөсү болуп саналат. Инсайдердик маалыматты Pro-kg.com маалымат-аналитикалык порталы кечээ кечинде жарыялады.

Булак берген маалыматка таянсак, Керимов эл аралык "Манас" аэропортуна жеке учагы менен күндүн биринчи жарымында конгон. Башкы аэропорттон ишкерди чегарачылардан тышкары, КРдин президентинин администрация кызматкерлери тосуп алышкан.

"Биз Сулейман Керимовду президент Алмазбек Атамбаев кабыл алат деп болжоп жатабыз. Россиялык коноктун иш сапарынын себеби азырынча белгисиз".-деп жазат веб-портал.

Эскерте кетсек, Керимов 2008-жылдан тартып Дагестандын атынан Федерация кеңешинин мүчөсү болуп эсептелет, "Нафта-Москва" компаниясынын ээси. Буга чейин Россия федерациясынын Мамлекеттик Думасынын үчүнчү, төртүнчү жолку чакырылышын депутаты болгон.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...