Акыркы макалалар

Бишкекте салттуу ушу боюнча мелдеш өттү

Бишкек шаарынын «Сейтек» балдар жана жаштар улуттук борборунда салттуу ушу боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мелдештин ачылыш аземине Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Курбанбек Шерматов, КРнын салттуу ушу федерациясынын президенти, дүйнөлүк чемпион Евгений Лопаткин катышышты.

Маалыматка ылайык, мелдешке ар кайсы шаардык уюмдардан жана өлкө аймагынан келген 7 жаштан 72 жашка чейинки 205 спортчу катышкан.

Белгилей кетсек, мелдештин жүрүшүндө салттуу ушу мелдешинин 33 түрү программага кирген.

Аталган мелдеш Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети жана КРнын салттуу ушу федерациясы менен биргеликте уюштурулган.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...