Акыркы макалалар

«ZАМАN КЫРГЫЗСТАН». “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” күлкүгө бай тасма

«ZАМАN КЫРГЫЗСТАН». “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” күлкүгө бай тасма

Кыргыз киносу күн өткөн сайын жанданууда. Ар кандай багыттагы тасмалар тартылып, кинотеатрларга сунушталууда. Жакында эле комедиялык жанрдагы жаштар тасмасы “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием”фильминин уландысы да тартылып бүттү. Бул фильм жана анын уландысы туурасында башкы каармандын ролун аткарган алып баруучу Назира Айтбекова баяндап берди.

Башкы ролго мени тандашыптыр

Бир күнү эле режиссер Динара Эсенгулова мага телефон чалып, “кино тартканы жатабыз, башкы ролго сенин мүнөзүң төп келишчүдөй, кастингге келип көрбөйсүңбү?”,- деди. Мен анын сунушун жерге таштабай киносынакка бардым. Ал жерде да менден башка бир топ жаштар бар экен. Башкы каармандын жигитинин ролуна актер Бакыт Байсариев да сунушталып жатыптыр. Бакыт экөөбүздүн мамилебиз, кыялыбыз дегеле бардык сапаттарыбыз бири-бирибизге төп келишээрин карашты. Ал гана эмес Бакыт экөөбүзгө сунушталган ролду да ойнотуп сыноодон өткөрүштү. Андан соң режиссер Ырыс Окенова экөө кеңешип көрүшүп мени башкы каарманга, ал эми Бакыт Байсариевди жигитимдин ролуна бекитишти. Ал эми башкы каармандын образын аткара турган болгондон кийин үй-бүлөм менен кеңешүүгө туура келди. Үйгө келип, жолдошум жана апам менен кеңешип пикирлерин уктум. Тескерисинче алар каршы болгон жок, талантымды колдошуп сүйүнүштү. Андан кийин ролго сунушталгандан кийин алдын ала берилген сценарийди окуп көрдүм. Чынын айтсам сценарий абдан жакшы жазылган экен. Мага аябай жакты. Ал гана эмес кээ бир күлкүлүү жерлерин окуп алып, эки күн кечке күлүп жүрдүм. Анткени “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” тасмасы күлкүгө бай фильм болчу. Кинонун аталышы эле ар бир көрүүчүнү кызыктар кылып, өзүнө тартып турат. Жаштарга ылайык жана оригиналдуу фильм. Бул тасманы көргөн жаштар күлкүгө сугарылып, тескерисинче кыздар күйөөгө тийүүгө аракет кылышса, жигиттер “быйыл сөзсүз үйлөнөм” деши толук мүмкүн эле. Ал эми сценарийде каарманым экөөбүздүн мүнөзүбүз кээ бир жерлеринде чындап эле окшошуп кетет экен. Мен ошону байкадым. Кино тармагына бала чагымдан бери аралашкым келер эле. Анын үстүнө тасмага тартылгым келип, талантым жаныма жай бербей, демигип тургам. Бул кабарды жана сунушту аябагандай кубануу менен кабыл алдым.

Тасманын негизги максаты - үй-бүлө күтүү

Кинонун максаты - сүйүү үчүн күрөшүү, алдыга койгон максатка жете билүү, эң башкысы - жаштарды үй-бүлө курууга чакыруу. Азыркы учурда жаштар карьераны, кызматты алдыңкы орунга коюп, үй-бүлө куруу тилеги, максаты артта калып келет. Акырындык менен үй-бүлө күтүү далалаты жоголуп бараткансыйт. Өзүм үй-бүлөлүү болгондуктан анын баркын, кадырын, жыргалын жакшы түшүнөм. “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” жана ушул эле тасманын уландысынын максаты жана багыты бирдей. Айырмачылыгы жок. Болгон айырмасы биринчисинде жаштар үйлөнүүгө максат коюп фильм аяктаса, экинчисинде аны ишке ашыруу, далалат кылуу, тосколдуктарды жеңүү болду. “Быйыл сөзсүз күйөөгө тиемде” баарыбыз тажрыйбасыз болсок, экинчисинде бизге жеңилирээк болду. Экинчисинде жаңы жүздөр, жаңы каармандар кошулду. Бул тасма күлкүгө бай комедиялык жанрда болгондуктан элди саясатташып кеткен жашоодон алаксытууга багытталган фильм. Ар бир көрүүчүгө күлкү, жакшы маанай тартуулоо тасманын негизги максаттарынын бири. Байкаганыбызга караганда, бул фильмди көрүп, чыккан жаштар “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием!” же “Быйыл сөзсүз үйлөнөм!” деп тамашалап чыгышат. Максатыбызга жетип, “элибизде көп-көп үй-бүлө курулуп, кыргыздар көп төрөлсө, саны өссө, жакшы да”,- деген тилегим бар.

Комедияда роль жаратыш оңой болду

Алгачкы тартылган кино болгон үчүн бир аз толкунданып турдум. Кыялымда элестеткендей бир дублдан эмес, бир нече дублдан ойноп жаттым. Башында көнө албай аны менен катар тажрыйбанын жоктугу жана жетишсиздигинен улам кемчиликтер байкалып жатты. Камеранын кантсе да сүрү күчтүү эмеспи. Кичинекей кара камеранын артында миллиондогон көрүүчүлөр көрө ала турган сүрү бар эмеспи. Алгач кыйынчылыктар болгону менен бир-эки күндөн кийин съемкага кызыга баштадым. Себеби, тасмага тартылууга, камеранын күчүнө туруштук бере алдым. Алымсынбай, ыраазы болбой, “болдубу? бүттүбү, ушинтип элеби?” деп жанымдагыларды күлдүрүп кирдим. Мен аткарган каарман мүнөзүмө шайкеш келгендиктен жана тасма комедия жанрында болгондуктан роль жаратыш оңой болду. Мындан ары да токтоп калбастан дагы-дагы көптөгөн фильмдерге тартылсам деп жүрөм. Эми мүнөзү такыр башка, оор образды ойногум келип жүрөт. Мен тартылган ар бир тасманы көргөн ар бир көрүүчү Назира Айтбекованы эмес таптакыр бөлөк адамды көрүп жатканын туйгудай кылып ойногум келип турат.

Тасма үй-бүлөмө таасирин тийгизген жок

“Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” жана анын уландысына тартылганда да эч кандай таасирлер болгон жок. Тескерисинче, жолдошум жана апам менин талантыма баа беришти. Алар менин талантыма дагы бир жолу толугу менен күбө болушту. Ал эми өзүм үчүн аз да болсо тажрыйба топтодум. Эң башкысы элдин купулуна толдум.

Акжолтой тасмага айланды

Себеби, өзүңүздөргө белгилүү болгондой “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” тасмасына ырчы кыз Бегимай Эсенгулова да тартылган эле. Кызыгы ал ошол фильмге тартылып жаткан учурда сүйлөшкөн жигити жок эле. Тасмага тартылып бүткөндөн кийин Бегимай казак жигитке турмушка чыгып кетти. Муну уккан эл аябай таң калышты. “Быйыл күйөөгө тием-2ге” Бегимай жолдошу менен тартылды. Дагы бир кызыгы тасманын уландысына тартылып жаткан учурда аты-жөнү эсимде жок, бир кыз эпизодго гана тартылып калды эле, анын да буйруса жакын арада үйлөнүү тою болот экен. Демек, бул тасма ак жолтой, ырыскы алып келген фильм десем жаңылышпайм.

Фильмдеги каармандардын көбү ырчылар жана актерлор

Актер Бакыт Байсариев жигитимдин ролунда, Чолпон (Нон стоп тобу) менен курбубуз. Экөөбүздүн кылыктарыбыз көп болду. Күлкүлүү жерлерибиз көп. Ырчы Бегимай Эсенгулова жолдошу менен тартылды. Максат (Нон стоп тобу) кинодо сүйлөшкөн кызын уурдатып алып, аябай кайгырып жүрдү. Даниель апасы тааныштырган кызга көңүлү түшүп жүрдү. Жаңы жүздөр кошулду. “Мисс-2009” жана модель Адинай Кемелова, ырчы Динара Акулованын кызы Малика, алып баруучу жана тамашоучу Санжар Мыкыев жана башка жаштар кошулду. Ал эми тамашоучу Санжарды алгачкы жолу терс образда көрө алабыз.

Тасма кайда тартылган?

Аталган эки тасма коңшу өлкө Казакстанда, борбор калаа Бишкекте, тоодо жана көгүлтүр Ысык-Көлдө тартылды. Айтор фильмди кызыктуу, кооз жана сапаттуу кылууга режиссерлор аракет кылды. Ошондой эле ар бирибиз колубуздан келишинче жакшы аткара алдык деп ойлойм. Фильмди бир курдай көрүп келдим. Мага жакты. Демек, элге жаккан элди тасма болду деп ойлойм.

Күлкүгө жана кызыктуу окуяларга бай учурлар көп болду

Съемкада жаштар көп болгондуктан бири-бирибиздин фразаларыбызды таптакыр башка мааниге которуп алабыз, же башка темада сүйлөшүп жатсак деле кинодогу фразалар ойго кылт эте түшөт. Анан кур калбай аны колдонуп калабыз да шарактап каткырып күлөбүз. Роль ойноп жатканда бирөө туура эмес сүйлөп алат, анан баарыбыз кыраан-каткы болуп калабыз. Тасмага курдаштар, сахналаштар менен тартылган жакшы экен. Съемка шаңга толуп турду. Айрым бир жерлерин, эпизоддорду өзгөртүп жиберип, өзүбүз тамашалуу идеяларды таап алып кошуп ийип, айтор жыргап жаттык. Негизинен күлүп олтуруп эле тасмага тартылдык. Дагы бир кызыктуусу үйлөнүү үлпөттө аябай толкунданып жаттык. Той көйнөктүн дагы сүрү бир топ экен.

Картошкабыз капкара болуп күйүп калып...

Тасма күлкү, шаң, тамаша менен эсимде калды десем туура болоор. Съемка учурунда сонун күндөр, көз ирмемдер болду. Ойнодук, күлдүк. Жыйынтыгында тасма кантип тартылып бүткөнүн деле баамдабай калдык. Өзгөчө тоодогу съемкаларда түн ичинде тоңуп калдык. Отко картошка салып койгонбуз жейбиз деп. Биз ар бирибиз дублдан жасагыча картошкабыз капкара болуп күйүп кетиптир. Эптеп чукуп атып, таза жерин жеп курсакты тойгуздук. Анан дагы ал күнү съемка аяктап, үйгө кеткиче шашып жүрсөк, Бакыт Байсариев башкача гүлдөрдү, чөптөрдү тамыры менен жулуп, “короомо отургузам” деп оокатын ойлоп жүрдү. Айтор, колдон келген аракетти кылдык. “Миң уккандан бир көргөн артык” дегендей көрүп, чер жазып кетиңиздер.

Даярдаган САМАРА КАБЫЛБЕКОВА,

«ZАМАN Кыргызстан» , 2012-жыл, 12-октябрь

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...