Акыркы макалалар

«Ыйгарым укукту беребиз, жоопкерчиликти сурайбыз»

«Ыйгарым укукту беребиз, жоопкерчиликти сурайбыз»

Кыргызстанда губернатор институтун кайра киргизүү зарыл экендигин Премьер-мининстр Жантөрө Сатыбалдиев расмий жыйындарда айтып жүрөт. Учурда райондук мамлекеттик администрация башчыларын – акимдерди, алардын орун басарларын дайындап, кызматтан алууда Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ролун кеңейтүү керектигин турмуш өзү далилдеп отурат. Аларга ыйгарым укукту да, жоопкерчиликти да кошо берип, иштин жыйынтыгын сурап алуу керек. Аймактык жетекчилердин укук-милдеттеринин так бөлүштүрүлбөгөндүгү, жоопкерчилигинин аздыгы өткөн күздөгү айдап себүү иштеринин начардыгынан кашкайып көрүндү.

Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас облустарынын айрым райондорунда күзгү айдап себүү иштери 4 же 8 пайызга араң аткарылгандары бар. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 1 пайыз да күзгү айдап себүү иши аткарылган эмес. Бул маалыматтар жакында өткөн Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында белгилүү болду.

“Жазгы талаа жумуштары башталганда “менин укугум жетпейт” деген сөздү уккум келбейт. Мен Өкмөттүн облустардагы ыйгарымдуу өкүлдөрүнө укук коргоо органдарын координациялоону, жазгы талаа жумуштарына жоопкерчиликти алууну ж.б. укуктарды өткөрүп бергем. Эгерде, дагы жетпей турган болсо Премьер-министрдин ыйгарым укуктары менен мыйзам чегинде бөлүшүүгө даярмын”, - деди Жантөрө Жолдошевич.

Өкмөт жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо иретинде 50 миң тонна буудайды сатып алууну көздөөдө. Буудайдын баасын тие¬ше¬лүү жетекчилердин кээси 14-15 сомдун тегерегинде болушу керек десе, кээси 9 сомдон сатып алууну сунушташты. Бирок, бул боюнча өкмөт мүчөлөрүнүн жүйөөлүү ойлору да жок эмес. Вице-премьер-министр Т.Сарпашевдин пикири боюнча буудайды сатып алуу баасын өтө жогорулатып жиберсек, Казакстандан келген буудайлар менен биздин жергиликтүү дыйкандардыкы аралашып, Өкмөттүн жергиликтүү дыйкандарды колдоо аракети текке кетип калышы мүмкүн.

Айыл жана суу чарба министри Чынгызбек Узакбаевдин билдиргенине караганда быйылкы жылы 359 миң гектар жерге буудай айдалат. Андан тышкары айыл чарба азыктарын өндүрүүгө кошумча жер аянттары пайдаланылат. Бардыгы болуп, 2013-жылы жалпы айыл чарба азыктарын өндүрүүгө 1,1 млн. гектардын тегерегинде жер бөлүнмөй болду. Жогорудагыдай ишти аткаруу үчүн жер семирткичтерди сатып алууга тендер өткөрүлүп, 80 млн. сом бөлүнүп жатат. Анын ичинен Өкмөт жергиликтүү үрөн өндүрүүчүлөрдөн 30 млн. сомдук үрөн сатып алууну көздөөдө. Министрдин кабарлаганына караганда республикада айыл чарба техникаларынын эскилиги 90 пайызга жетип, кооптуу жагдайга барып калган. “Жазгы талаа жумуштары башталганча айыл чарба техникаларынын 80 пайызын оңдоодон өткөрүүгө жетишебиз”, - деди Ч.Узакбаев. Белгилүү болгондой, учурда республикага жаңы тракторлор, комбайндар чет элдик донорлордун каржылык колдоосу менен келип жатканы коомчулукка белгилүү. Бүгүнкү күндө 1000ден ашык жаңы айыл чарба техникалары келүүдө. Дагы келүүсү күтүлө турган айыл чарба техникалары дыйкандар үчүн зор үмүт жаратып жаткан чагы. Өлкөдө үрөн чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн өкмөт программалуу иш алып барууну баштады. Учурда 23 миң тонна үрөндүн кору бар.

Кыргызстандын аймактарында каналдарды куруу, оңдоо иштери солгун бойдон кала берген. Ал үчүн жалпысынан 77 млн. сом керектелүүдө. Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков аймактагы каналдардын курулушу кечеңдесе жазгы талаа жумуштарынын өз учурунда башталуусуна кедергисин тийгизе тургандыгын билдирди. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев каналдарды курууга жакынкы күндөрдөн баштап, март айына чейин жогорудагы аталган каражатты кечиктирбей которуп берүүнү Финансы министри Ольга Лавровага тапшырды. Күйүүчү- майлоочу майларды аймактарга жеткирүүдө коррупциялык схемалар иштеп кетпөөсү үчүн облус, район жетекчилери катуу көзөмөлгө алуулары кажет. Жазгы талаа жумуштарына республика боюнча дизель отуну 41238 тонна, бензин 10407 тонна, дизель майы 2000 тонна, автол 596 тонна керектелип, облустардын муктаждыктарына карата таратылат. Быйылкы жазгы талаа жумуштарын аткаруу үчүн жалпы республика боюнча күйүүчү- майлоочу майларга муктаждык 54 миң 241 тоннаны түзөт. Жылдагыдай эле Чүй облусу дан азыктарынын дээрлик басымдуу бөлүгүн бергендигине байланыштуу мунайзатка муктаждык аталган өрөөндө баарынан арбын. Жантөрө Сатыбалдиев дыйкандарга насыя берүүнү бир жумадан, ары кетсе эки аптадан кечиктирбей баштоону талап кылды. Өкмөт “Айыл банк”, “Ала-Тоо финанс банк” аркылуу дыйкандарга насыя берүү иштерин чечкен. Андан башка өнөктөш банктар да кызматташууга даяр.

Республикада айдоо аянттары быйыл 8,3 миң гектарга көбөйтүлөт. Жакында кабыл алынган Кыргызстандын 2013-2017-жылдар аралыгында стратегиялык туруктуу өнүгүү боюнча “Жол картасында” мамлекет башчысы А.Атамбаев айдоо аянтын кошумча 50 миң гектарга чейин көбөйтүү милдетин койгон.

Түп нускага шилтеме : www.kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...