Акыркы макалалар

Бишкекте министрдин орун басары "Кыргыздын кодексин" тааныштырды

Бишкекте министрдин орун басары "Кыргыздын кодексин" тааныштырды

Кечээ, 4-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында "Кыргыздын кодекси" коомунун мүчөлөрү жана Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Максат Чакиев "Кыргыздын кодекси" деп аталган китепти тааныштырышты. Миң нускалык китепти басып чыгарууга депутат Карганбак Самаков демөөрчүлүк кылган.

"Биз кыргыз элинин дарегине карата айтылган көп тескери пикирлерди угуп жүрөбүз. Мисалы, биздин аялдарга "ОБОН" ( кыргызчасы- өзгөчө дайындыктагы аялдардын отряды) деген терминди дагы колдонушат, буга окшогон көптөгөн мисалдарды келтирүүгө болот. Жаштар чогулуп кыргыз өзүнө кандай жоопкечилик алат, кандай мотивдерди, принциптерди карманат, кандай алака-катыш кылат деген маселелерге түшүнүк берүүчү колексти түзүп чыктык",-дейт Чакиев.

Белгилей кетсек, "Кыргыздын кодекси" бул моралдык-этикалык жана ишкер нормалардын, принциптер менен стандарттардын жыйынтыгы.

"Кодекс кыргыз элинин философиялык көз карашын чагылдырат. Ал уникалдуу этикалык жана этникалык маданиятты түзүүгө, элдин оң маанайдагы имиджин чыңдоого түрткү берет",-деп сөзүн жыйынтыктады Чакиев.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...