Акыркы макалалар

Жалал-Абадда лицейдин мурдагы жетекчиси жети жылга камалды

Базар-Коргон райондук сотунун чечими менен №52 кесиптик лицейдин О.Б. аттуу мурдагы жетекчиси жана А.К. деген башкы бухгалтери жети жылга соттолду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлады. Алар ишенип берген мүлктү мыйзамсыз короткон, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана кызматтык жасалмалуулук кылган деп айыпталууда.

Тергөөдө белгилүү болгондой, аты аталган жарандар кызматкерлерге материалдык жардам катары берилген 107 миң сомду алдардын колун жасоо менен өздөрү ээлеп алганы аныкталган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...