Акыркы макалалар

Бишкекте үйгө келген конок беш жаштагы секелек кызга зомбулук кылып кетти

Бишкекте беш жаштагы кызга зомбулук кылууга шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкекте укук коргоо органдарына 34 жаштагы айым кайрылган. Ал үйүнө конокко киши келип түн ичинде кичинекей кызын зордуктап кеткенин айтып даттанган. Ал үй-бүлөнүн досу болгондуктан, Ош шаарынын борборго акча табыш үчүн келген.

Эркек киши секелек кызды сарайга алып барып зомбулук көрсөткөн. Андан кийин изин жашырып кеткен.

Кылмышка шектүү делип Ноокат районун 36 жаштагы тургуну кармалды. Шектелген адам учурда Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...