Акыркы макалалар

Кыргызстанда газ кымбаттады

Кыргызстанда калктын жаратылыш газына төлөй турган баасы февраль айында 18 тыйынга же болбосо 1,3 пайызга кымбаттайт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" жоопкерлиги чектелген коомунан кабарлашты.

Компания берген маалыматка таянсак, калк жаратылыш газына төлөй турган баа кубометрине 13,96 сом болуп бекитилген. Ал эми өнөр жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар газдын кубометрине 16,77 сомдон төлөйт.

Көгүлтүр отунга карата баанын жогорулашын газ жеткирүүчү компания доллардын курсунун жогорулашы менен түшүндүрдү. Буга чейин жетишилген келишимге ылайык, газга карата баа ай сайын белгиленип турмакчы. 1-февралга карата Америка долларынын курсу 59,81 сомго жеткен, ал эми январь айында доллардын наркы 58,89 сом болгон.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...