Акыркы макалалар

Сайдулла Нышанов: Жол эрежесин бузган өкмөт мүчөлөрү текшерилиши керек

Ата Мекенчи депутат Сайдулла Нышанов бүгүн, 2-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет жыйынында УКМКнын өкүлдөрүнө нааразы болду.

Депутаттын айтымында аталган орган өкүлдөрү оппозициялык маанайдагы адамдарды жана депутаттарды көп текшерүүгө алып жатышат. Ал эми жол эрежесин көз көрүнөө бузуп жаткан өкмөт мүчөлөрүнө эч ким көңүл бурбайт. Депутат күбө болгондой вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевге таандык болгон унаа кызыл жарыка токтобостон өтүп кеткен.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...