Акыркы макалалар

Насвайга лабораториялык изилдөө жасоо сунушталууда

Кыргызстанда бир катар жарандык активисттер насвайдын зыянын элге кеңири түшүндүрүү талабы менен өкмөткө кайрылуу даярдап жатат. “Интербилим” уюму башында турган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү демилгени жайылтуу максатында коомчулук арасында кол топтой баштаганын “Эркиндик үнү” уюму кабарлады.

Маалыматка ылайык, активисттер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна да кайрылып, насвайга лабороториялык анализ жүргүзүү маселесин көтөрүшөт.

Насвай чегүү Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда да кеңири тараган. Ал түрдүү жугуштуу оорулардын тарашына себеп болуп жатканын дарыгерлер айтып келет.

Насвай сатууга тыюу салуу маселеси өткөн жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан көтөрүлгөн. Бирок ишке ашкан эмес.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...