Акыркы макалалар

Б. Рысбеков Кыйноолорду алдын алуу боюнча иштерин жыйынтыктады

2014-жылы 490 алдын алуу жүргүзүү иштери жүргөн. 490 жасалган иштер боюнча түңкү текшерүүлөр да бар. Мындайча айтканда жабык жайларга эскертүүсүз кирип текшерилет. Жалал-Абад облусу боюнча 24, Баткен облусунда - 29, Нарын облусунда - 21, Талас облусунда - 48, Ысык-Көл облусунда - 63, Чүй облусунда - 68, Ош шаары боюнча 104, ал эми Бишкекте – 133 алдын ала иштери жүргүзүлгөн. Убактылуу кармоочу жайларга,тергөө изоляторлоруна, аскер бөлүгүнө , психиатиярлык ооруканаларга, балдар мекемесине, карылар үйүнө, шаардык жана айылдык милиция бөлүмдөрүнө алдын алуу адамгерчиликсиз жана кыйноо түрлөрүнө жараша текшерүүлөр жүргөн.

“Павел Гаморин деген жарандын иши бар. Бул жаранды милиция кызматкерлери бангизаттар менен карматып түрмөгө отургузган. Бүгүнкү күндө биринчи инстанциядагы соттун чечими боюнча ал акталып чыкты. Башкача айтканда жок кылмышты бар кылып, мойнуна алдыруу иш-аракеттери жүргөн. Гаморинди милиция кызматкелери кыйнап, ал уур токмокко чыдабастан ооба банги меники деп кол койуп берген. Милиция кызматкерлеринин айтуусу боюнча бангизатты таштап кеткен жаран кармалып, натыйжада Гаморин акталып чыкты. Улуттук борборго алдын алуу иштерин жүргүзүүгө жактоочулар жардам берген. Кийинки учурларда акыйкат институтунан дагы аракеттер көрсөтүлө баштады”.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун координация жана талдама бөлүмүнүн серепчиси Полина Калугина төмөнкүлөрдү билдирди.

“Ырайымсыз мамиле кылуу деңгээли учурда психиатриялык ооруканаларда аябай жогорку тапта өсүүдө. Ошондой эле балдар мекемесинде психиатриялык ооруканаларда болуп жаткан көйгөйлөргө окшош. Мисалы, кичинекей өспүрүмдөр чоң балдар менен чогуу бир бөлмөдө кармалат. Ал эми ооруканада болсо, адамдарды бир канча жылга мыйзамсыз кармоолору анык. Ошондой эле тамактанууга эң төмөн баада акча бөлүнгөн. Кээ бир балдар мекемелеринде тамак-ашка 50 сомдун тегерегинде гана акча бөлүнөт. Балдар мекемесинде баланын эмгегин колдонуу бар. Психиатриялык ооруканаларда да оорукчан адамдардын эмгектерин колдонууда. Мисалы, бир кашык кант үчүн же бир ором баштыктагы чай үчүн алар иштөөгө аргасыз. Мекеменин тарбиячысы, балдар жуунуп жатканда же дааратканада болгон кезде балдарды сүрөткө тартып алат. Бул иш боюнча учурда тергөө жүрүп жатат”.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун орун басары Бакыт Сыдыгалиев кылмыш жасаган адам жазаны тартуу керектигин айтты.

“Негизи кылмышты жасаган адам жазаны тартыш керек. Биз тапкан кыйноо далилдерин прокуратурага берүүгө милдеттүүбүз. Биз бул далилдерди көрүп туруп кетип калган бул туура эмес,биз буларды прокуратурага беребиз алар козгойбу кылмыш ишин же четке кагабы ал бизге каралбайт. Эгерде прокуратура биздин иштен баш тарткан болсо, анда биз даттанып кылмыш ишин козгоого жетиштик. Учурда 3 далил боюнча иш козголду жана 2 далил боюнча иш токтолуп жана кайра козголду. Мисалы, Сыдыгалиевдин айтуусу боюнча буга чейин 10 жыл аралыгында 2 кылмыш иши сотко берилген. А биз болсо бир жылдын ичинде жакшы жетишкендик болду. Биздин максат кыйноолорду азайтуу. Аталган борбордун негизи жумушу жабык жайларды текшерүү жана ишканаларга мониторинг жүргүзүү. Бул ишканаларга түндө ,күндө, майрам учурларда да барабыз. Жайларда кармалган адамдар менен сүйлөшүү жүргүзөбүз”.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...