Акыркы макалалар

Алар айылга эмне кылышты?

Алар айылга эмне кылышты?

Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) бар. Эл оозунда ал орусча кыскартылгандыгы менен ПРООН деп көп айтылат. Бирок БУУӨП деп да айтканга көнүп калдык. Ушул БУУӨП алдына бир катар программаларды камтып, маселен, Нарын облусунда демократиялык башкаруу, жакырчылыкты кыскартуу, табигый кырсыктардын тобокелдигин да кыскартуу багыттарында иш аткарып келет. Быйылкы жылдын ортосунан тартып ошол программалар бириктирилип, БУУӨПтүн «Нарын облусун өнүктүрүү боюнча» программасы деп аталып калды. Аны Бакыт Шерипбаев жетектеп, багыттар боюнча негизинен 3 адис эмгектенишүүдө. Эмесе, «алар элетке эмне кылышты»? деген жалпы собол менен ишмердүүлүктөрүнө дүрбү салып көрөлү.

Нарын районунун корозу жок жумурткалары

Нарын районундагы Сары-Ой айыл аймагынын Жылан-Арык айылынын тургуну Чубак Жакыпов учурда ар күнү 300 жумуртка сатууда. Ал мындай ийгиликке билимин өркүндөтүү жана ар кандай долбоорлор менен иштөө аркылуу жетишкен.

– Мен «Теңдеш-Заман» коомдук бирикмесин ачып, аракеттене баштаганмын. Ошентип жүрүп БУУӨПтүн колдоосу аркылуу Ага-Хандан 6 ай окудук. Жыйынтыгында «Хайлайн» деген түрдөгү тоокторду багып өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анын натыйжасында KICB банкынан 5 миң доллар акчаны 9 пайыздык өлчөмдө алдык. Ошентип 13 жумалык 480 тоокту сатып алып келип, алар мына эми 18 жума болгондон тарта жумуртка бере баштады. Бул тооктор камалган бойдон бир орунда жашашат жана 18 ай өз алдыларынча жумуртка беришет экен,-дейт тоок чарбакер Ч.Жакыпов мырза. Анткени тооктордун арасында бир да короз болбойт. Ал эми БУУӨПтүн адиси Кыял Тилебалдиева Чубак мырзадай дагы 9 кеңешчини окуткандыктарын, алардын алды минтип иш-аракет кылып жаткандыктарын белгиледи.

– Жалпысы ушул эле Жылан-Арык айылына 2010-2012-жылдарда биргелешкен иш-аракеттер аркылуу 1 476 миң сомдук инвестиция тартылды. Алсак, Кыргыз-Жаңы Зелендия айылдык кору менен биз жана айылдыктар биргелешип «Нарын-Береке» сүттү кайра иштетүүчү цехти иштете баштадык. 81 миң сомго жабдыктар алынып берилди жана 39 миң сомго окуулар өткөрүлдү. 60 миң сомго айыл үчүн картошка сактоочу коомдук жай оңдоодон өткөрүлдү жана 58 үй-бүлөгө 280 миң сомго картошкалардын 4 элиталык сорт сатылып берилди. Жалпысы 500 миң сомго тыбыт берүүчү 80 баш эчки алынып, алардын улактары 48 үй-бүлөгө таратылды. Ошондой эле мөмө-жемиш бактарын өстүрүү үчүн да долбоор ишке ашырылды, – деп кошумчалайт К.Тилебалдиева айым.

– Азыр кышкысын күнүнө 100 литр сүт алып жатабыз. Жайында болсо 500 литр сүттү иштетебиз. 6 адам быштак, каймак, айран даярдашат. Биз Нарын шаарындагы бала бакчалар менен иштешебиз. Айылдыктардын берген талаптарын да аткарабыз, – дейт цех башчысы Жыпаркүл Алыбаева.

Ушул эле райондогу Учкун айылында болсо Кеңеш берүүчү маркетинг (КБМ) борбору уюшулган экен. Ал аркылуу 346,9 миң сомго буудайдын элита сортторун көбөйтүп эгүү, 100 миң сомго жасалма жол менен малды уруктандыруу, 161 миң сомго кийизди кайра иштетүү, 145,9 миң сомго пилорама алуу, ошондой эле айылдын көпүрөсүн жана суу түтүктөрүн калыбына келтирүү, айылдык мектептин жылуулук системасын орнотуу боюнча дагы иштер аткарылган. К.Тилебалдиева Учкун айылына жалпысы 1 954 452 сомдук колдоолор соңку 3 жылда берилген.

– Негизи БУУӨПтүн иши биздин айылда 2009-жылы башталган. Анда 8 топтон турган жалпысы 70 адам окууну баштаганбыз. Ошентип биринчи топ мал чарбасында, экинчиси талаачылыкта, үчүнчүсү кийиз даярдоодо иштей баштадык. Айтор 3 жылда ар тараптуу багыттар боюнча көп жумуштар аткарылды. 60 бала ушундай долбоорлор менен 4 чакырым аралыктагы каналды тазалашты. Эми айылга «Акыйкат башкаруу» долбоору келип жатат. Биз айылды 7 чөлкөмгө бөлүп, өз алдынча башкарууга кирише баштайбыз, – деп кеп кылды Учкун КБМ борборунун жетекчиси Касымакун Мамырбаев.

БУУӨПтүн адиси Кубаныч Тагаев мындай жөрөлгөлөр облуста 3 айылда башат алгандыгын кошумчалады.

– Нарын районундагы Учкун, Кара-Чий жана Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылдары өткөн жылдын сентябрь айынан тарта жергиликтүү жамааттык бирликте «акыйкат башкаруу» тутумдарына кадам ташташты. Натыйжада аталган айылдар ич ара чөлкөмдөргө бөлүнүү менен элдик жыйындын негизинде жамааттык башкарууга киришишмекчи. Жалпы айыл боюнча кандайдыр бир жыйындар, биргелешкен чечимдер кабыл алынганда айылдын бардык эли толук камтылбай калат экен. Мындай башкарууда ар бир адамга толук өз ара башкарууга катышканга мүмкүнчүлүк түзүлөт, дейт БУУӨПтүн Нарындагы адиси Кубаныч Тагаев мыр- за.

Ат-Башынын көчөттөрү жана витамини

– Нарын облусунда «Жашыл долбоор» алкагында өткөн жылы дубан боюнча 3 райондук токой чарбасына 163 миң Тянь-Шань карагайларынын көчөттөрү жалпысы 50 гектар жерге тигилди», – деп билдирди БУУӨПтүн дагы бир адиси Энвер Сүйөркулов. Токой чарбалардын бири Ат-Башы токой чарбасы болуп эсептелет.

– Өткөн жылы биз БУУӨПтүн экологиялык тобокелдик программасы аркылуу район боюнча 48 240 даана Тянь-Шань карагай көчөттөрүн тиктик. Мында БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы, КРнын УИАнын токой институту, жергиликтүү бийлик биргелешип ишти аткардык. Натыйжада райондогу 5 айыл өкмөтүндө 20 гектарга жогорудагы санда көчөттөр олтургузулду. Бул жумушта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 107 адам иштешти. Алардын эмгегине аталган программалар аркылуу жалпысы 14 326 кг ун, 1 469 литр суу май берилди, – дейт Ат-Башы токой чарбасынын жетекчиси Акылбек Таштанбеков мырза. Ал эми Э.Сүйөркуловдун айтымында, бул жерде негизинен 3 багыт: биринчиси, жакырчылыкты кыскартуу, экинчиси, токой байлыктарын сактоону калкка жеткирүү жана үчүнчүдөн, табигый кырсык¬тардын алдын алуу жүзөгө ашырылган.

Райондогу Бирлик айылында болсо жапайы жер-жемиштер кайра иштетилүүдө. Аталган айылдагы «Витамин» кичи цехи 2010-жылы көз жарган. Береги цех БУУӨПтүн «Ишкер аялдарды өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ачылган экен. Натыйжада 334 миң сомдук жабдыктар алынып берилген. Цехтин жетекчиси Бүбүсайра Сөлкөева дагы 433 миң сомдук өздүк салым аркылуу учурда жапайы жер-жемиштерден, маселен, тоо карагат, чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, четин ашы сыяктуу мөмөлөрдөн 16 түрдөгү азыктарды өндүрүп жаткандыктарын жеринде көрсөтүп берди. Цөх жашап турган үйдүн бир өңүтүнөн орун алган. 5 айым иш менен камсыздалган.

– Биз күнүнө 300 литрге чейин ар кандай ширелерди айнек идиштерге куюп, элге тартуулай алабыз. Көбүнчө ишибиз кардарларга жараша болот, – дейт Б.Сөлкөева айым. БУУӨПтүн Нарындагы адиси Кыял Тилебалдиева жалпысы Бирлик айылына өткөн 2 жыл аралыгында 1 055 200 сомдук колдоо көрсөтүлгөндүгүн билдирди.

– Эң башкысы Бишкек – Нарын – Торугарт жолунан Бирлик айылына чейинки туура кеткен 3 чакырым аралыктагы жол 296 миң сомго оңдолду. Ошондой эле бул айылга да малды жасалма жол менен уруктандырууга, элиталык картошканын сортторун өстүрүүгө, кийиз буюмдарды кайра иштетүүгө, нан азыктарын чыгарууга көмөктөр көрсөтүлдү, – дейт К.Тилебалдиева.

Ак-Талаанын Ак-Талы сактанууга жана коргонууга даярбы?

Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылына табыгый кырсыктар маалында келип чыккан өзгөчө кырдаалдар учурларында керектелүүчү 160 миң сомдук жабдыктар берилди. Береги шаймандар айылдык куткаруучулар тобуна (АКТ) тапшырылгандыгын бир катар жергиликтүү кабарчылар жеринде болгондо күбө болушту.

– Биз күзүндө Ак-Тал айылындагы АКТ мүчөлөрүнө жана окуучуларга өзгөчө кырдаалдар маалында аткарылуучу аракеттер тууралуу атайын окуу өткөрдүк. Мында айылдык кутка-руучулар эң алгачкы жардамдарды бере алганга сабак алышты. Ошону менен катар 160 миң сомдук жабдыктар АКТга өткөрүлүп берилди. Мында чатырдан баштап куткаруучулар кие турган бардык атайын кийимдерге чейин берилди. Каражат жана окуу БУУӨПтүн «Табигый кырсыктардагы тобокелчиликти башкаруу» багыты боюнча долбоор негизинде ишке ашырылды,-дейт БУУӨПтүн Нарындагы адиси Энвер Сүйөркулов мырза.

Ал эми Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетекчиси Ырахат Алыбаев айылда 19 адамдан турган куткаруучулар тобу эки жылдан бери иштеп келе жаткандыгын, өткөн жылы БУУӨПкө долбоор жазып, ал быйыл жүзөгө ашырылгандыгын билдирди.

– Биздин ушул топтогу балдар ыктыярдуу түрдө табыгый кырсыктардын алдын алууда иштеп келишет. Мисалы, быйыл жазында Ак-Тал сайдагы сууну нугуна буруу үчүн бир апта иштешти. Ошого карабастан жазында айылдагы 8 үйдү агын суу каптап кетти. Эгерде алар болбосо канча үй жазгы селге туш болот эле. Эми биз БУУӨПкө Нарын дайрасынын жээгин бекемдөө жана айылга таштанды төгүүчү жайды куруу үчүн долбоор жазып жатабыз,-деди Ы.Алыбаев мырза.

Алдыда «Айыл» системасы

БУУӨПтүн техникалык жана каржылык колдоолору аркылуу учурда Нарын облусу боюнча бардык 63 айыл өкмөтүндө «Айыл» автоматташтырылган системасы (АС) киргизилди. Мындай маалыматты БУУӨПтүн Нарындагы адиси Кубаныч Тагаев Нарын районундагы Миң-Булак айыл өкмөтүнөн билдирди.

– Азыркы күндө «Айыл» АС жер, салык, катчылык, социалдык кор, иш кагаздар, мамлекеттик каттоо, муниципалдык менчик боюнча иштерди аткарууга киришти. Мындан ары айыл өкмөттүн аймагындагы, маселен, ФАПтар сыяктуу мекемелер да ушул системага киргизилет. Мында, эң башкысы, жумуш тартипке салынат жана бардык маалыматтар ачык-айкын болот, – деп түшүндүрмө берди К.Тагаев мырза.

Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Турарбек Шоңкоев азырынча айылдагы жарандардын үлүш жерлерин тактоо жана алардын жеке социалдык кордо берилүүчү номерлерин алуу кыйынчылыгы түзүлүп жаткандыгын моюндады.

– Мисалы, бизде огороддор чынында так эмес экен. Алар такталып жатат. Ал эми үлүшкө тийген аянттардын ээлеринин азыр айылда жашагандары, кетип калгандары да бар. Ошондой болсо дагы биз 2013-жылы толук ушул системага киргендей болобуз, – деп билдирди Т.Шоңкоев мырза. Ушул айыл аймактагы «Айыл» АСтын программисти Асылбек Жолдошовдун айтымында 28-ноябрга карата 50 түтүн системага киргизилген.

Миң-Булак айыл аймагында жалпысы 1170 түтүн бар экендигин Т.Шоңкоев маалымдады.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, «Кыргыз Туусу»

Сүрөттөр БУУӨП басма сөз кызматынан алынды

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...