Акыркы макалалар

Кыргызстан менен Эл аралык валюта фондунун кызматташтыгы талкууланды

Кечээ, 29-январда, өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Эл аралык валюталык фондунун (ЭВФ) миссиясынын жетекчиси Эдвард Гемайел менен жолугушуп, ЭВФ менен кызматташуунун жаңы үч жылдык программасы талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратымынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Жолугушууну ачууда премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан ЭВФ менен кызматташууга жогору баа берет. "Биз ЭВФтен финансыны жана экономиканы башкаруу жаатында көптөгөн нерселерди үйрөндүк. Мурдагыдай эле, биз сиздерден биз жүргүзүп жаткан багыт тууралуу олуттуу жана баалуу маалыматты алуудабыз. Керектүү учурда биз сиздерден сунуштарды, кеңештерди алып жатабыз. Алардын бардыгы биз үчүн зарыл",- деди ал.

Жолугушуу учурунда тараптар ЭВФ делегациясынын мамлекеттик орган жетекчилери менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын, тактап айтканда, бюджеттик консолидация, карызды туруктуу деңгээлде кармоо, акча-насыя саясаты, мамлекеттик башкарууну реформалоо, коррупцияга каршы туруу, финансылык рынокту өнүктүрүү жана инвестициялык абалды жакшыртуу маселелерин талкуулады.

Өкмөт башчы белгилегендей, жаңы программанын көптөгөн параметрлери боюнча ЭВФ жана КР мамлекеттик органдары ортосунда түшүнүшүү орун алды, бирок айрым көз-караштарды жакындаштыруу жана алар боюнча сүйлөшүлөр процессин улантуу зарыл. Биз ЭВФ менен кызматташууга кызыкдарбыз, бирок биздин сунуштар эске алынуусу керек", - деди Оторбаев.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...