Акыркы макалалар

Улуттук китепканада этнограф Амантур Акматалиевге арналган көргөзмө өткөрүлөт

Бүгүн, 30-январда саат 11.00дө Улуттук китепканада "Чыныгы легендага айланган этнограф" деп аталган китеп көргөзмөсү ачылат. Ал белгилүү этнограф, публицист жана журналист Амантур Акматалиевдин 80 жылдыгына арналат.

Китепканадан маалымдашкандай, көргөзмөгө Акматалиевдин китептери жана иллюстрациялары, эмгектери, программалары, ал тууралуу макалалар коюлмакчы. Иш-чарага этнографтар, кол өнөрчүлөр, чебер-уздар, билим берүү жана маданият чеберлери, ЖМК өкүлдөрү катышат.

"Акматалиевдин кыргыздын декоративдик-прикладдык искусствосу жана этнографиясы боюнча бай материалдарын топтоо, сактоо, элдик чыгармачылыкты изилдөөдөгү ролу зор",-деп айтылат китепкананын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...