Акыркы макалалар

"Айчүрөк" кыздар лицейинде окуучулардын коопсуздугу үчүн атайын система орнотулат

Бишкек кыргыз-түрк "Айчүрөк" кыздар лицейинде окуучулардын коопсуздугу үчүн атайын система орнотулат. Окуу жайдын мүдүрү Хажы Кара Думандын берген маалыматына караганда, окуучу мектепке кирип же чыгып жаткан учурда, системага колун коёт. Колун коёр замат окуучунун ата-энесине бала мектепке кирди же чыкты деген смс билдирүү жөнөтүлөт. Ошондой эле, ал билдирүү ата-эненин интернет дарегине да жиберилет. Мындай система Кыргызстанга алгачкы жолу келүүдө. Бир айдан кийин Түркиядан алынып келинип, орнотулуусу күтүлүүдө.

Маалыматтарга ылайык, аталган билим берүү мекемесинде буга чейин окуучу кыздардын сабактан тышкаркы учурларда сыртка чыгып кеткен учурлары болгон. Эми ар бир ата-энеге кызынын мектепке кирип-чыгып жатканы маалым болуп турат.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...