Акыркы макалалар

Курманжан датка тууралуу Башкортостандын журналы жазып чыкты

2015-жылы Башкортостандын белгилүү "Башкортостан кызы" журналы "Чыгыштын улуу аялдары" деген жаңы рубрика ачты. Редакция маалымдагандай, авторлор окурмандарга түрк дүйнөсүнүн ийгиликтүү ишмер аялдары тууралуу маалымат берип турмакчы. Январь айында жарык көргөн номерге тарыхый инсан Алай ханышасы Курманжан даткан тууралуу макала жазылды.

Ага карата кызыгуу 2014-жылдын ноябрь айында Уфа шаарында өткөн эл аралык "Акбузат" эникалык жана улуттук кинофестивалында "Курманджан датка" тасмасы көрсөтүлгөндөн кийин пайда болгон. Бул көркөм тасма бир катар өлкөлөрдө ийгилик менен кабыл алынып жатат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...