Акыркы макалалар

Атсуши Куваяма: «СИЗДЕРДЕ АЧЫЛА ЭЛЕК ГҮЛ СЫЯКТУУ БАЙЛЫК КӨП...»

Атсуши Куваяма: «СИЗДЕРДЕ АЧЫЛА ЭЛЕК ГҮЛ СЫЯКТУУ БАЙЛЫК КӨП...»

Япон жигити Атсуши Куваяманын кыргызча аты-Адилет. 2010-жылы ал Япониядан Нарын шаарына келип Балдардын билим берүү борборунун «Япон борборунда» эки жыл эмгектенип кеткен. Эки жыл ичинде Атсуши кыргызча так сүйлөп, ал гана эмес орду менен макал-ылакаптарды кошуп айтканды да мыкты өздөштүргөн. Атсуши өз тилин тыңдап сүйлөй албаган «киргиздерге» да жакшы мисал боло алат. «Теңир Тоо» гезитине меймандап келген япон жигити менен эки элдин өзгөчөлүктөрү жөнүндө ат жалында маек курдук.

– Адилет, Нарынга куш келипсиң, Теңир Тоону сагындыңбы?

– Нарынга 2010-жылы жайында JICA уюму аркылуу Япон өлкөсүнүн Батыш тарабында орун алган Фукуока шаарынан келгем. Эки жыл балдардын билим борборунда иштедим. Андан сырткары, Нарын шаарындагы мектеп-лицей-интернатка жумасына бир жолу барып сабак берип жүрдүм, Нарын мамлекеттик университетинде Япон өлкөсү менен тааныштыруу максатында кружок уюштурдум. Айылдарды кыдырдым. Кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаттары менен тааныштым. Эки жыл иштеген соң 2012-жылы кайтып кеттим.

– Кыргызстандын ичинен Нарын жергесине кандайча келип калдың эле, эмне үчүн Нарынды тандадың?

– Алгач, JICA уюму менен кызматташа баштаганда кайсы жерге ишке жарасам бара берем деп айткам. Анан мага Кыргызстан деген мамлекетте Нарын деген шаар бар, ошол жерде иш болуп калышы мүмкүн, барып иштеп келбейсиңби дешти. Мен макул болдум. Мен бул жакка келээрде Кыргызстан жөнүндө анчалык деле түшүнүгүм жок болчу. Уккам, бирок эч элестете алган эмесмин.

– Кыргызстанга барам деп чечкенден кийин ишти эмнеден баштадың?

– Япониядан бул жерге келгенче эки ай окуудан өттүм. Көбүнчөсү тил боюнча. Мага кыргыз тилин тил үйрөтүү боюнча JICA менен келишим түзүп иштеген уюмда эмгектенген Чолпон деген кочкорлук кыргыз эже үйрөттү. Үйрөнүп баштаганда эле мага кыргыз тили жакты. Албетте, тил үйрөнүш оңой эмес. Айрыкча, кыргыз тилин, себеби япончо- кыргызча сөздүк жок болчу. Кыйналдым, бирок, кыргыз тили угумдуу сезилди. Кыргызстанга келгенде мага элдин баары бири-бирине бакырып сүйлөп жаткандай сезилди. Булар эмне эле деп бакырып атышат деп аттым. Анан көнгөндөн кийин башкача сезилип калды.

– Кыргыздардын маданияты, салт-санаасы менен кийин тааныштың да.

–Эң биринчи эле кыргыздардын меймандостугу эсиме бекем орноду. Дегеле, кыргыздар меймандостугу боюнча алдыга эч кимди коё бербейт деп ойлойм. Бизди биринчи келгенде эле уюмубуз аркылуу кыргыз үй-бүлөсү кабыл алды. Алар менен кадимкидей чогуу жашап калдым. Мага кыргыздардын «Кудай буюрса!» деп келечекте боло турган нерсеге баш ийип турганы абдан жакты, себеби, биз алдыда эмне боло турганын билбейбиз да, жашоодо кокустуктар боло берет. Адамдар ар башка, ошондуктан ар түрдүү окуялар да боло берет. Кыргыздардын ошол билбеген нерсесине баш ийгени жакты. Ал эми Японияда адамдар келечекти алдын ала билгендей өздөрүнө ишенип жашашат. Мен кыргыздардан «Кудай буюрса!» деген нерсени өзүмө кабыл алдым.

– Кыргыз эли менен япон элинин ортосундагы окшоштуктарды таба алдыңбы?

– Окшоштуктарынан улууну сыйлаганы, төргө өткөргөнү окшош. Сүйлөшкөндө сиз, сен дегенде да айырма бар. Бет келбетибиз окшош, тилибиздин грамматикасы абдан окшош. Япон балдары төрөлгөндө көпчүлүгүнүн көтөндөрү көгала болуп төрөлсө, кыргыздарда ошол нерсе бар экен. Аны кыргыздар «умай энеси чапты» деп коюшат экен. Ошол жактан да окшоштук бар экен. Балким, кыргыз менен япондордун түпкү теги бир болушу мүмкүн. Бирок, япондордо деле нукура япондор жок болуш керек. Илгертен алар да ар кайсы калк менен аралашып атып, каны аралашып кетти да.

– Кыргыз элинин улуттук тамак-ашынан эмнеси жакты?

– Беш бармак, куурдак жакты, бирок этти жеп атканда сөзсүз кымыз ичким келет. Кымызсыз көп эт жей албайм. Кымыз ичип алсам, дагы бир ашказан пайда болгондой каалашымча эт жей берем.

– Бизде акыркы кездерде көйгөйгө айланган маселе ичкилик маселеси болууда. Японияга салыштырмалуу кыргыздар аракты көп ичет бекен?

– Японияда деле аракты ичишет. Бирок, Японияда бекерчиликтен арак ичпейт. Бул жерде жумуш жок, бош, көчөгө чыгып алып тааныштар менен арак ичкендер көп. Айрыкча, башына кыйынчылык келсе, ошону унутуп салыш үчүн ичкендерди да көп көрдүм. Ал эми бизде көңүл ачайын деп атайын даярданып алып ичип, шаңдуу олтурганды жакшы көрүшөт. Мен да досторум менен арак ичип көңүл ачам.

–Кыргыздарда дагы бир көйгөй-сойкулар болууда, ал эми япондордун атактуу гейшалары жөнүндө биз окуп билип жүрөбүз... Менин билишимче, япондор гейшаларды маданиятынын бир бөлүгү катары кабыл алышат, ал эми башка элдерде аларды сойку катары кабылдашкандар да бар...

–Менин деле гейшалар тууралуу толук маалыматым жок. Гейшалар азыр да бар. Бирок, менин билишимче гейша деген сойку эмес. «Гей» деген сөз «өнөрчүлүк» деп которулат. Алсак, ырдап бийлеген , аспапта ойногон өнөр деп коёлу. Гейшалар оюндарды көп билишет. Алар келген конокторду аспап чертип, ырдап, бийлеп беришип, оюн ойнотуп көңүлүн ачышат. Гейшалардын арасында албетте, сойкулар болушу мүмкүн. Гейша таптаза, сойку эмес деп да айта албайм. Анткени, ырдап бийлеп, конокторду тейлеп атканда коноктордун ичинен жактырып калганы болсо, башка бөлмөгө чакырып кеткендери болушу мүмкүн. Бирок, ырдап бийлеген менен гана чектелгендери да бар. Мурун , албетте, гейшалардын арасында сойкулук менен алектенгендер бар болчу, бир-эки кылым мурда. Коомчулуктун пикири боюнча кийин гейшалар деле экиге бөлүнүп кеткендей. Бири сойкулук менен алектенсе, бири гейшалык өнөр менен гана алектенип калышты. Менин түшүнүгүм ушундай.

– Илгертеден эле гейшаларды сулуу көрсөтүш үчүн бетин өтө ак упа менен сыйпап, боёнтуп, болгон жерин жабык кылып, анан мойнунун арткы бөлүгүн ачып ал жерин да упалап коюшат экен. Сен эки элдин сулуулук жөнүндө түшүнүгүн салыштырып көрдүңбү, кыргыз кыздарынын сулуулугу эмнеде деп ойлойсуң, дегеле сулуулуктун эталону деп кандай аялзатын атасак болот?

– Кыргыздарда сулуулук деген кандай болоорун чынын айтсам дагы деле толук түшүнө элекмин. Ар кимдин табити ар кандай. Аялзатынын жалпы келбети, айрыкча көздөрү сулуу болушу керек. Кыздардын сырткы келбети да, ички дүйнөсү да сулуу болушу керек. Ал эми Японияда аппак жүздүүлөрдү гана сулуу деп эсептешет деп айта албайм. Адамдын териси регионго жараша болот. Япониянын Түштүк жагы абдан ысык болгондуктан ал жерде кара тору кыздар көп. Япониянын аба-ырайы ар кандай, жеген тамагы да ар башка.

–Кыргыз кыздарынан жактырып калганың болдубу?

–Болду, бирок мен өзүм жакпай калдым окшойт. Ал мени карабай коюп жүрөгүмдү эзди. Анан өзүмө «сүйбөгөнгө сүйкөнбө» деп койдум.

–Кыргыздар сага эмнеси менен жакты?

–Кыргыздар кандай кыйынчылык болсо да көтөргөн калк экен. Канчалык оор болуп атса деле «жыргализм» деп, баштарын көтөрүп, алгалай берели деп жүрө беришет. Тагдырдын сыноосуна баштарын ийбей, таарынбай, өкүнбөй жашашат.

–Сенин көз карашыңда биздин өлкөбүз кандай, биздин жашообуз кандай өтүп атат, бизге эмне жетишпейт, эмнеден кем болуп жатабыз?

–Менимче, акча жагынан абдан кедейсиңер. Акчага келчү үй, машина, бардык аппараттарга, айтор, акчага келчү нерселерге кедейсиңер. Бирок, акчага сатып ала албаган ички дүйнөнүн байлыгы жагынан жарды эл эмессиңер. Кыргыз элинин ички дүйнөсү абдан бай деп эсептейм. Кыргыздар үй-бүлөдө бири-бирине жакшы карашат, тууганчыл, жакындарын ачка калтырышпайт. Өздөрү кыйналып атышса деле коноктор келгенде үстөлүн жайнатып, бардык тамактарды алып келишип, коногун сыйлашат. Мага ушул меймандостугуңар абдан жакты. Мындай нерсе япондордо жок. Мен өз жеримде болбосом да айылчылап жүрүп бир күн да ачка калган жокмун.

–Жыл жаңырып жатат, тоолуктарга каалоо тилегиң бардыр.

–Ден соолук, узун өмүр болсо калганы баары келет. Өзүңүздөрдү кедей деп эсептебей, барга көппөй, жокко чөкпөй жашагыла. Асманда жылдыздар, жерде кыргыздар көбөйө берсин. Япон өлкөсү менен Кыргызстандын ортосундагы ынтымак бекем болсун. Биякта эл битиребей, тиякта жер титиребесин. Силерде көзгө көрүнбөгөн, ачыла элек гүл сыяктуу көп байлык бар. Ошол гүл качан гүлдөйт деп, жаныңарда ар дайым мүмкүнчүлүктөр бар экенин байкап турушуңар керек деп ойлойм.

Учурдан пайдаланып өзүмдүн Нарындагы үй-бүлөмө ыраазылык билдирип кетким келет. Атам Көкүнбайга, апам Зулайкага, ини-карындаштарыма мени өз баласындай кабыл алышканы үчүн абдан ыраазымын. Мен аларды Японияда жүргөндө абдан сагындым. Андан сырткары Алыш, Кеңеш, Дөбөлү, Өзгөрүш, Кызыл-Туу, Эмгекчил айылдарындагы туугандарыма салам айтып, ыраазылык билдирип, жашоолоруна жакшылыктарды каалайм.

–Маегиң үчүн чоң рахмат, сага да ийгилик каалайбыз!

Маек курган: Клара ЭСЕНАЛИЕВА.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...