Акыркы макалалар

Бажы биримдиги ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт


Бажы биримдигиндеги ишкерлердин жумушун жеңилдетүү үчүн жалпы эрежеге ылайык аларга ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Бул тууралуу КРнын Экономика министринин орун басары Кылычбек Жакыпов билдирди.

Анын айтымында, товарларды сертификациялоодон өткөрүүдө эми ишкерлердин жумушу жеңилдейт.

“Учурда бирдиктүү терезе деп аталган системада бардык талаптар даярдалып жатат. Ишкерлер кыска убакыттын ичинде товарларды сертификациядан өткөрүп, тийиштүү документтерин алууга толук шарттар түзүлөт. Жол картасы өтө чоң. Алардын кайсынысы бүгүнкү күндө аткарылды, канчасы аткарыла элек тизмектеп айта албайм. Азыр негизги лабораторияларды, бажы күзөттөрүн жабдуу, санитардык системаны жакшыртуу жана башка көп маселелерди чечүү турат. Эгер биримдиктеги талаптарга жооп бере албасак анда товарларды экспорттоо мүмкүн эмес”,-дейт К.Жакыпов.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...