Акыркы макалалар

Медициналык окуу жайды бүтүргөндөр милдеттүү түрдө айылдарга жөнөтүлөт

Кыргызстанда быйыл медициналык окуу жайды аяктагандар милдеттүү түрдө айылдарга жөнөтүлөт. Аталган маалыматты вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Тоң районундагы Кара-Талаа айылында жайгашкан оорукананын жамааты менен жолугушуу учурунда кабарлады.

“Өкмөт айылдарды мугалимдер жана дарыгерлер менен камсыздоо үчүн бир катар чараларды көрөт. Бул көйгөйдү чечүү үчүн бир баскычтан экинчи баскычка көтөрүлөбүз. Быйыл медициналык окуу жайларды аяктаган бүтүрүүчүлөрдү милдеттүү түрдө айылдарга жөнөтүү маселесин карайбыз”,-дейт.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...