Акыркы макалалар

Сауд өнүгүү фонду Кыргызстанга 16 мектеп курат

Сауд өнүгүү фондунун көмөгү менен Кыргызстанда 16 мектеп курулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Кечээ, 27-январда Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Сауд өнүгүү фондунун миссиясынын өкүлдөрү менен мектептин курулушу тууралуу планды талкуулады. Сариева жаңы курулуштар мектептери эң эле авариялык абалда турган айылдарда куруларын белгиледи.

"Азыркы бюджетте билим берүү курулуштарына жана объектилерине каражаттар жетишсиз жана шериктердин колдоосу менен бизге зор көмөк берип жатышат",-деп белгиледи министр.

Мектептердин бирин Бишкекте куруу пландалып жатат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...