Акыркы макалалар

Депутат: Салянова келечекте мыйзам алдында жооп берип калышы мүмкүн

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова келечекте мыйзам алдында жооп берип калышы мүмкүн. Мындай пикирин бүгүн, 28-январда парламенттин жалпы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Туратбек Мадылбеков билдирди.

Учурда парламентте башкы прокурор кызматына Индира Жолдубаеванын талапкерлиги каралууда.

Депутаттын айтымында, учурда Кыргызстанда сот системасында эч кандай өзгөрүү болгон жок. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин мезгилиндегидей өзгөрүүсүз калды.

"Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова дагы мыйзамга кызмат кылам деп келген. Бирок ал көшөгөнүн артында турган башка адамдарга кызмат кылбай койгон жок. Сиз жашсыз. Келечегиңизди булгабаш үчүн көшөгөнүн артындагы адамдагы кызмат кылбашыңыз керек. Салянова дагы бир топ мыйзам бузуулардын негизинде мыйзам алдында жооп берип калышыңыз мүмкүн",- деди ал.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...