Акыркы макалалар

Депутат Башкы прокурорго талапкерден Батукаевдин ишин аягына чыгарууну суранды

Бүгүн, 27-январда "Ата-Журт" фракциясынын кезексиз жыйынында депутат Курманбек Осмонов Башкы прокурорго талапкер Индира Жолдубаевадан криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин ишин аягына чыгарууну суранды.

Учурда фракциянын отурумунда депутаттар Башкы прокурорго талапкер Индира Жолдубаеванын талапкерлигин карашууда.

"Сиз биздин балдарыбыздан дагы жашсыз. Андыктан сиздин дарегиңизге анча-мынча сын пикир айтылса таарынбаңыз. Сизден мурда иштеген Аида Салянова парламентке келгенде, анын жеке адамдык сапатына эч качан шек келтирген эмеспиз. Карынын кебин капка сал деген сөз бар. Андыктан биздин айткандарды туура кабыл алыңыз. Мына буга чейин комитеттердин отурумунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Азиз Батукаевдин ишин терең изилдөөгө алам дептирсиз. Ошол сөзүңүздү кармаңыз. Албетте, камакта адам өлүм алдында жатканда аны туугандарынын карамагына чыгаруу керек. Бирок төрт тарабың кыбыла деп эле кетирип жибербеш керек эле. Сиз мурдагы башкы прокурор кетирген каталарды кетирбеңиз",- деди ал.

Ошондой эле депутат талапкерге эгерде мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын кетирген катачылыктары боюнча сизге арыз менен кайрылсак ошого объективдүү карап, маселени чечип берүүгө кудуретиңиз жетеби?- деген суроону узатты.

Ага жооп катары Жолдубаева, мыйзам бузган адам ким экендигине карабай мыйзам алдында жооп берүүсү керек экендигин айтты.

Депутат Курмантай Абдиев, Жолдубаеванын жоопкерчиликтүү жумушка аттанып жаткандыгын айтып, андан мыйзамдуулук принцибин кармануунун өтүндү.

"Сиздин кызмат чоң эрдикти жана жоопкерчиликти талап кылат. Өткөн кеткендерге саресеп сала бербейли. Саясат өз жолу менен мыйзамдуулук өз жолу менен кетиши керек",- деди ал.

Ошондой эле депутат Батукаевдин маселесин Индира Жолдубаевага тапшырбай эле коюуну сунуштады.

"Анда аны кыйнап коёбуз. Эски нерсенин бардыгын козгоо, анын ишти башташына тоскоол болот. Ушул жагын эске тутуш керек. Бүтүп калган ишти текшертпеш керек. Бул жакшылыкка алып барбайт. Батукаев маселеси бүткөн. Андан эч нерсе чыгара албайбыз",- деди депутат.

Бирок эл өкүлүнүн мындай пикирин кесиптеши Курманбек Осмонов колдогон жок.

"Бүтүп калган ишти козгобогула деген пикирге кошула албайм. Айрыкча Бутукаев боюнча. Ал коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маселе. Аны кандай тартипке чыгарып кетишкен? Ал бүгүн, эртең эле тынып калчу маселе эмес",- деди депутат

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...