Акыркы макалалар

Бишкекте ата-энесине таарынган 14 жаштагы кыз 12 кабат үйдөн боюн таштады

Бишкекте ата-энесинин ажырашуусунан улам 14 жаштагы өсүрүм кыз 12 кабат үйдөн боюн таштады. Бул тууралуу күч органдарынан маалымдашты.

Эскерте кетсек, 24-январда болжол менен саат 11.40та Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери 7-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан жашы жете элек кыздын сөөгүн табышкан.

Окуя болгон жерге барган райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-иликтөө тобу каза болгон кыз 2000-жылы туулган, баш калаадагы № 60-мектептин окуучусу экенин аныкташты.

Туугандарынан жана мектеп директорунан сурашкан кезде кыздын ата-энеси ажырашып кеткени белгилүү болду. Ата-энеси ажырашкандан кийин кыз өзүн эч кимге керексиз сезип, жашоодон үмүтүн үзгөн. Мындан улам окуучу сабагын начар окуп, андан кийин таптакыр эле мектепке келбей калган. Мектеп психологу кыз менен профилактикалык иш-чараларды дагы жүргүзгөн.

Кыз өзүн-өзү өлтүрүүгө бир күн калганда, 23-январда анын ата-энеси Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына кыздын жоголуп кеткенин жана телефонго жооп бербей жатканын айтып кайрылышкан.Ушул эле күнү милиция кызматкерлери кызды таап ата-энесине беришкен.

Каза тапкан өспүрүм буга чейин энеси менен бирге турган, бирок акыркы учурларда атасы менен бирге жашоону каалаган, өз жанын кыярдан бир күн калганда ата-энеси жолугуп, бул маселени талкуулашмак. Бирок өспүрүм ага чейин күтпөй көп кабаттуу үйдөн боюн таштаган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...