Акыркы макалалар

Чек аранын бекемдиги, Ата Мекендин бейпилдиги же мекен чеги тынч экендигине кепилдик барбы?

Чек аранын бекемдиги, Ата Мекендин бейпилдиги же мекен чеги тынч  экендигине кепилдик  барбы?

«Ата Мекен чек арадан башталат» деген сөз бар элибизде...

Талдай келсек, чындыгында эле чек аранын, анын бекемдигин камсыз кыла турган чек ара кызматынын кыргыз мамлекетинин мамлекет катары башкаларга сүр көрсөтчү жүзүнө чоң таасири бар.

Дегенибиз менен, ошончолук маанилүү деп эсептелген чек ара маселеси акыркы кездерде анчалык көңүл бурулбай, ал эми бир кезде элитный деп эсептелген чек ара кызматынын аброюнун жылдан жылга төмөн түшүшү «эмне үчүн?», «эмне кылуу керек?» деген суроолорду жаратууда.

Айрыкча, акыркы жылдарда чек ара кызматында кызмат өтөп жаткан жоокерлердин арасында болуп жаткан адам өмүрүнүн кыйылышына байланышкан төбө чачты тик тургузган окуялар, Сохтогу абал, коңшу мамлекеттин чек арачылары менен ок атышуулар жана башка бир топ маселелер бул кызматта «бардыгы жайында эмес экендигинен» эбак эле кабар берсе да, эмнегедир мамлекет башчылары бул маселеге анчалык маани бербей келгендиктенби, айтор, жыйынтыкты кечирээк чыгарып, буга чейин улам бир кызматтын алдында болуп келген чек ара кызматын мына эми гана өзүнчө бөлүп, өз супарасына ээ кылып, ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары эми гана эстерине келишкендей делмитация, демаркация иштерине чекит коюу маселесин көтөрүп олтурушат.

Албетте, өз алдынча иш жүргүзүү жакшы нерсе. Бирок муну менен маселе чечилип калабы? Дегеле, чек ара - бул көп маселенин бириби же андан жогору карап, баа берчү түшүнүкпү? Балким, биз чек ара бул жөн гана маселе эмес экендигин, чек аранын ар бир карышын көздүн карегиндей сактоо бир гана чек арачынын эмес, жалпыбыздын милдетибиз экендигин мойнубузга алганда, өзүбүздүн мамлекетибиз бар экендигине ар бирибиз сыймыктанып, өз жерибиздин кадыр-баркын биле баштаганда гана кыргыз мамлекети катары кадыр баркка ээ болобуз.

Чек ара маселесин чечүүнү мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүүдөн баштоо керек

Чек ара маселесинин оош-кыйышын жакындан билген Нарын облусунун чек арачыларынын «Чек ара-Намыс» ардагерлер уюмунун төрагасы, полковник Жаныбек Асанов бул маселе тээ эгемендүүлүк жылдарынан башталып, ошол кездеги өлкө жетекчилеринин чек ара маселесин чечүү жаатындагы каталары азыр биздин башыбызга тийип жатканын баса белгилейт.

- Чек ара тууралуу сөз болгондо мен келечек муунду ойлоп, биз аларга кандай мамлекетти тапшырып беребиз деген ойго жетеленем. Себеби, кыргыз эли аз болсо да кылымдан кылымга өз мамлекети болуп, өзүнүн атын, улутун сактап келе жатат. Бизге Кудай Таала эң кооз, бай, таза жерди энчибизге бөлүп берген болсо да ошону коргоп, сактап, өнүктүрүп кете албай келүүдөбүз. Дегеним, чек ара - бул кичинекей маселе эмес, бүт мамлекеттин түзүлүшүнө тиешелүү нерсе. Ошондуктан бул маселени чечүүнү мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүүдөн баштоо керек. Андан кийин кадр, финансы маселеси, жергиликтүү калк менен иштешүү, элдин аң сезимин өзгөртүү жөнүндө сөз кылсак болот. Чек араны жалгыз эле чек арачы кайтарышы керек эмес. Чек ара бардыгыбыздыкы, аны сиз да, мен да, ошол жайлоодогу малчы да кайтарып, ага жооптуу болушу зарыл. Биз коомчулуктун аң сезимин өзгөртүп, үгүттөө иштерин көп жүргүзүшүбүз талапка ылайык. Бизде эмне болсо эле ким жаман -чек арачы жаман. Бүгүнкү күндө, чынында, чек арачы чек араны кайтармак тургай өзүн өзү коргой албайт, ал тургай асманга да ок чыгара албайт. Себеби эртең прокурор келип «эмне абага ок аттык, бул ок мынча сом турат, ошол ок бирөөгө тийсе эмне болмок» деп чыгат. Мына, азыркы абал! Ал эми союздун убагында кандай эле. Бир ок асманга атылса, экинчи ок чек араны бузган адамга атылчу. Азыр андай жок. Ошондуктан биздин чек арачыларды чек араны бузгандар өздөрү атып салып атат, биздин мамлекет күчсүз болуп, өз жарандарын коргой албагандыктан түштүктөгү чектеш мамлекеттердин чек арачылары биздин жарандарды талкалап жатышат. Мына, жакында эле 20 жараныбызды буктурмага кармап кетишти. Эмне үчүн? Алар биз менен ойноп, провокация кылышууда. Американын 20 кишиси эмес бир эле жаранын буктурмага алып көрүшсүнчү, эмне болот экен. Ошол замат ал жерде 6-7-флот, авиация, «Ганси» бүт бардыгы биригип келип ошол жерди бомбалап, талкалап салмак. А бизде болсо министрлер кабинетинин деңгээлинде кеңешме өткөрүлдү да ошону менен бүттү. Ал эми тигил адамдарга моралдык, финансылык колдоону ким көрсөтөт. Мамлекет болгондон кийин өз жарандарын коргошу керек да. Мамлекетте эң биринчи орунда адам турат, анан жер-сууга маани берилет.

Милициядан барган чек арачы - бул шылдың

Чек ара маселесин ойлогондо менин чындап эле жүрөгүм ооруйт. Себеби, мен бала кезимден ушул кесипти тандап, патриоттук китептерди окуп, даярданып жүрүп анан 17 жашымда Москвага барып окуганда окуу жайындагы курста жалгыз кыргыз мен болчумун. Ошондуктан мен чек ара маселесине кайдыгер карай албайм.Чыныгы чек арачы кадрды 4 жылда эле даярдап чыгара албайсың жок дегенде 15-20 жыл бою даярдаш керек. Төрт жылдык окуу жайын бүткөн бала дароо эле чек арачы боло калбайт. Аны практикада такшалтыш керек. Биздин окуу жайыбыздын окутуучулары айтышчу, алгач заставанын начальнигинен баштап бир топ тепкичтен соң штабдын начальнигине, анан аскер бөлүктүн командири болуш үчүн 15 жыл керек. Ошондо гана силер чыныгы чек арачы болосуңар деп. Айрым учурда чек арада адамдын тапкычтыгын, логикасын, акыл-эсин, патриоттуулук сезимин, дипломаттыкты талап кылган ситуациялар болот. Ошондо чек арачы туура чечим кабыл ала албай калса чек арада конфликт болуп кетиши мүмкүн. Азыр болсо чек ара кызматына милициядан деле ала беришет. Бул-шылдың милиция деген коомдук тартипке жооп бериши керек да.

Чек араны карабасак - эртең ал башка мамлекеттики болуп калат

Албетте, ар бир жерде эле маселени каражат чечет. Чек арачыларга мурункудай камкордук көрүлбөйт. Ошондой болгон күндө да учурда кээ бир жерлерде чек араны эскиче кайтарып жатабыз. Айрым жерлерге каражатты көп кетирип, көңүлдөгүдөй жыйынтык ала албай келүүдөбүз. Ооба, СССРдин системасы күчтүү болчу, бирок азыр дүйнөдө саясат, идеология, Кытай менен мамилебиз өзгөрүлдү. Кээ бир алыскы чек ара аймактарын күндө кароонун кажети жок. Чек ара тилкеси тоо, суу, кээде талаа менен өтөт. Ал эми кээ бир ачык жерлерге көбүрөөк күч жумшап, жергиликтүү жашоочуларды пайдаланыш керек. Чек арага жакын жерлерде кыштап жайлап жүргөн малчыларга «сен чек арачысың, сен ушул жерге жооптуусуң» деп, анын аң сезимин өстүрүш керек. Себеби, ал жерде жашаган адамдар браконьерлерге кошулуп кийик атып, Кытайга кирип мал айдап чыкпай, кокуй мен, ушул жерге жооптуумун деп чек араны кайтаргандай болсун. Анан, албетте, ал адамдардын эмгегин кандай деңгээлде болсо да баалап туруу зарыл. Антип, чек арабызды карабасак, эртеңки күнү ал башка мамлекеттики болуп калышы ыктымал. Мамлекет чек арадан акчаны аябашы керек. Эгер чек арадан аянсак, акырында чек арабызда, чек арачылар да жыртык кийим кийген кедейдей эле самтырап калып, андан террористи да, вахабити да, контрабандисти да өтүп, аягында айласы кеткен жергиликтүү калк, мамлекетибиз кандай абалда калат.

Өкмөттө чек ара маселесин түшүнгӨн профессионалдар жокко эсе

Өкмөт алынын келишинче аракет кылууда, бирок ошол өкмөттө чек ара маселесин ичинен түшүнгөн профессионалдар жокко эсе. Башка мамлекеттерде пенсияга чыгып кеткен кадрларды алыс кетиришпей пайдаланышат. Катуу кырдаал болгондо эң биринчиден мурда иштеп кеткен генерал, полковниктердин чечимин карашат. Ал эми биздин өлкөдө пенсияга кеткенден кийин сен жөнүндө унутуп калышкандыктан чыныгы профессионалдардын көбү пенсияга чыккандан кийин Россияга кетип жатышат.

Эмне үчүн эгемендүүлүктү алганыбыз 20 жылдан ашканына карабай биз чек ара маселебизди чече албай жатабыз. Артка карап көрсөк, көп ката кетирдик. 1991-жылы СССР тарады, 1992-жылы бишкектик келишим түзүлүп, Кыргыз-Кытай чек арасын Россия кайтарып берет, 80-20 пайыз, ал эми ички чек аралар, тактап айтканда Казакстан, Өзбекстан, Таджикистан мамиле мурункудай эле ачык бойдон кала берет деген келишим болгон. Бирок, бара-бара Казакстан, Өзбекстан чек араларын жаап алды, анан 1999-жылы Баткен окуялары башталганда Таджикистан менен, 2000-2002-жылы Казакстан менен чек араны жаптык. Менин оюмча, эң оболу бийлик башында турган А.Акаевден көп ката кетти. Себеби, эң башында эле, 1992-жылы каражат жок дебей эле Кыргызстандын бардык чек араларын жабыш керек, же болбосо 1999-жылы Россияны чыгарбаш керек болчу. Биз өзүбүз кыйратабыз деп атып, учурда биздин чек арачылар эң ылдый айлык алышат, тамак-ашка берилчү (паёк) акчабызды пенсионерлер эмдигиче ала албай соттошуп жүрөбүз.

Чек араны кайтаруунун жаңы ыкмаларына өтүү зарыл

Эми, кудайга шүгүр, чек ара кызматы бутуна туруп келе жатат. Азыр уюлдук байланыш бар. Аны менен көп маселени чечсе болот. Бүгүнкү күндө оперативдүү мобилдик ыкмага өтүп жатышат. Бул өзүн өзү актай турган абдан жакшы ыкма. Биз бүгүнкү күндө чек араны кайтаруунун жаңы ыкмаларына өтүшүбүз керек. Себеби, азыркы чек араны кайтаруу илгерки падышалык Россиянын учурундагы ыкма менен жүргүзүлүүдө. Алсак, монголдор бүгүнкү күндө малын, жылкыларын спутникалык GPS менен кайтарышууда. Аттын кулагына кичинекей датчикти тагып коюп, боз үйүнө жатып алып эле үйүрдүн кайсы жерде турганын билип коёт. Эмне үчүн биз чек арабызды ушундай система менен кайтара албайбыз. Жаңы нерсени кабыл алуу оор, ошентсе да жаңыча иш жүргүзүүгө умтулуш керек. Айрыкча, чек арага жакын жайгашкан жергиликтүү калк, чекаранын айланасындагы малчылар менен тыгыз байланыш болушу абзел. Качан гана адамдар «чек ара бийлик башындагылардыкы эле эмес, чек ара меники» деп аң сезимин өзгөрткөндө биздин чек ара бекем болот. Ал эми чек арачы ошол чек арадагы кароолчу эмес, мамлекеттик деңгээлдеги адам экендигин эң оболу мамлекет башчылары билиши абзел,-дейт ардагер.

Жергиликтүү калк менен иштешүүдө Ак-Сай-Арпаны мекендеп келген маркум Какелең аксакал тууралуу сөз кыла кеткен Жаныбек мырза жарым кылымдан ашуун чек арачыларга колдоо көрсөтүп турган легендарлуу адамдын чек араны кайтарууга кошкон салымы зор экендигин баса белгилеп, азыр да ал жерде аксакалдын балдары кыштап, жайлап келгенин, алар да ата салтын улап чек арачылардын колуна кол, бутуна бут болуп жатышканын айтып, бул үй-бүлөгө терең ыраазылыгын билдире кетти.

Чек ара заставаларынын сатылып жатышы боюнча айтылып жаткан ушактар чындыкка дал келбешин, бул маселеде ардагерлер уюмунун да кызыкчылыгы бар экендигин тастыктаган төрага бүгүнкү күндө чындыгында эле зарылчылыгы жок заставалар бар экендигин айтуу менен эгерде заставалар сатыла турган күндө бөтөн бирөө сатып алып, талкалап кеткенден көрө, чек арачы ардагерлерге акты менен өткөрүп беришсе алар жоопкерчиликтүү болуп, өздөрүнүн мал жанын да багып, чек араны кайтарып беришээрин айтат.

Азыркы чек арада баш аламандык көп болуп жатканын баса белгилеген ардагер, токтом боюнча чек аранын жанында 5 км зонага чейин инохотага берилбеши, ок атылбашы, ал тургай биз тараптан атылган ок Кытай тарапка түшпөшү керек болсо, азыр 5 км эмес, чек аранын түбүнө барып, тарсылдатып атып атышканын, мындай учурда ар түрдүү провакациялар болуп кетиши ыктымал экендигин, ошондуктан мыйзамдарды кайрадан карап чыгып, же тартипти күчөтүү керектигин да белгилейт.

«Эч нерсе сатылып, эч нерсе жабылбайт»

Ал эми Нарын шаарындагы №2025 Тайлак Баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн жетекчилиги бизде эч көйгөй жок дешет. Дешкени менен аталган аскер бөлүгүнө тиешелүү заставалардын «бир тобу учурда сатылып, аскер бөлүгү кыскарганы жатыптыр» деген айың-чыны белгисиз кептер желдей тарап жүргөнү маалым.

Дегеле, Нарын облусу менен чектешкен Кыргыз-Кытай чек арасынын сакчылыгында турган чек арачылардын бүгүнкү күндөгү абалы кандай? Мекен чегибиздин тынч экендигине кепилдик барбы?

Бул суроолорго №2025 Тайлак Баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн ордо зардалысы, подполковник Майрамбек Исманалиев мындайча жооп берди:

- Бүгүнкү күндө Кыргыз-Кытай чек арасы кайтарылып жатат.Төрт пост чек ара кызматынын башчылыгынын чечими менен убактылуу жабылган, алар жазында кайра ачылат. Учурда эл арасында түрдүү сөздөр айтылууда. Бирок, анын бардыгына эле ишене бериштин кажети жок. Аскер бөлүгү кыскарбайт, заставалар сатылбайт дагы. Ал эми убактылуу жабылган заставаларда чек ара кызматынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бар. Алар чек араны да, заставаларды кайтарып жатышат. Азыр биз чек араны кайтаруунун оперативдүү мобилдик ыкмасына өткөнү жатабыз. Бул ыкманы көпчүлүк өнүккөн мамлекеттер колдонуп келишет.Мындай ыкмага өтүп жатканыбыздын себеби, мамлекетибиздин түштүк чек араларындагы абал кайтарууну күчөтүүнү талап кылууда. Ал жерде аскердик ыкма болуп, ар бир кадам сайын бирден чек арачы койгонго мажбур болуудабыз. Нарын облусундагы Кыргыз-Кытай чек арасында болсо мындай кайтарууга талап, кажет жок. Ал эми оперативдүү мобилдик ыкма дегенибизде, алсак, бир мобилдүү группа болуп, ал группа чек ара кызматын өтөп, ар кайсы жерге которулуп, тактап айтканда жылып жүрөт. Алардын оперативдүү тобу жергиликтүү жашоочулар менен тыгыз иш алып барышат, ар дайым техникасы, байланыш каражаттары алдында болуп, кайсы жерде чек араны бузуу коркунучу бар болсо, кайсы жерден чек ара бузулду же бузулганы жатат деген маалымат түшсө ошол жерге ыкчам жетишип, иш жүргүзүшөт. Бөлүктүн заставаларында күйүүчү майлоочу май жетиштүү. Ар бир заставада кол тийбес запас бар.

Чек арачылар бийликтин колдоосуна муктаж

Чек ара аскер бөлүгү кыскарбай эле,тескерисинче реорганизация болууда. Мурун ыкчам кызматтагы солдаттар көбүрөөк болсо, азыр алар азайып, бул кыскаруунун негизинде контракттык негизде кызмат өтөгөндөр, кээ бир жерлерде прапоршик, офицерлер көбөйгөнү турат.

Биздин бөлүк жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта иш жүргүзөт. Ар бир чек ара заставалары облустун райондук мамлекеттик администрацияларына бекитилген. Ошого жараша райондук мамлекеттик администрациялар өзүнө караштуу заставаларга колдоо көрсөтүп, даталуу күндөрдө артисттерди алып келишип концерт уюштурушуп, бирдикте чече турган маселелер болсо чечип бергенге аракет кылып келишүүдө,-дейт Майрамбек мырза.

Айтмакчы, чек арачы үчүн үй-бүлөсү - анын тылы, аскер адамы ишине берилип, мыкты кызмат өтөшү үчүн алардын үй-бүлөсүндө тынч, бейпил, жетиштүү жашоо болушу зарыл. Ошондуктан, аскер бөлүгүндө алардын үй-бүлөлөрү менен иш алып баруу, эс алуусун уюштуруу жагы дагы жакшы жолго коюлган. Бөлүктө көп жылдардан бери сакталып келген, салтка айланган майрамдар, иш чаралар бар.Чек арачылардын үй-бүлөсүнө кам көрүү максатында алыскы заставаларга да жаңы жыл сайын аяз ата, аяз кызды алып барып балдарга белек-бечкегин берип, жыл бою алардын кем карчын толуктап, ал жайын сурап турушат. Заставада кызмат өтөп жаткан офицер, прапоршиктердин мектеп жашындагы балдары болсо, шартка жараша аларды шаарга, бөлүккө кызмат өтөөгө түшүрүшөт...

Кандай болгон күндө да ары-бери калчанган чек арабыз, аны коргоо үчүн түзүлгөн чек ара кызматы, чек арачылар бүгүнкү күндө чек ара жаатында так жазылган мыйзамдарга, мамлекеттин, бийликтин колдоосуна жана делмитация, демаркация маселесинде алардын күчтүү саясий эркине муктаж.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...