Акыркы макалалар

Кызамыктын жайылышына каршы иш-чаралар өтүүдө

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, министр Талантбек Батыралиев кечээ, 23-январда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү менен жолуккан. Анда кызылча оорусунун өсүшү жана эпидемияга каршы зарыл иш-чаралар талкууланды. Иш-чарада өлкө боюнча балдарды эмдетүү өнөктүгүн өткөрүү сунушталды.

Кыргызстанда ушу тапта 689 бала кызылча жуктурду деген күмөн менен адистерге кайрылган жана алардын 318и бул ооруну жуктурганы лабораториялык анализдерден кийин тастыкталган.

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кызматтын маалымдоосу боюнча, кызылчанын генотиби Орусия менен Казакстандагы илдетке дал келгендиктен, оорунун күчөшүнө миграция жана ата-энелердин балдарын эмдетүүдөн баш тартуусу болуп жатат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...