Акыркы макалалар

Нарын шаарында окуучулар арасында хоккей оюну өтүп жатат

Нарын шаарында окуучулар арасында хоккей оюну өтүп жатат

Бүгүн 24-январда Нарын шаарында мектеп окуучуларынын арасында хоккей оюну өтүп жатат. Таймашка Нарын облусунан келген беш команда катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарындагы балдар жана уландар спорт мектебинин хоккей оюну боюнча машыктыруучусу Элзар Болотбеков маалымдады.

- Отуз жылдан бери токтоп калган бул турнир быйыл кайра жанданып, окуучулар арасындагы таймаш уланды. Быйыл биринчи жолу өткөрүп жатабыз, мындан кийин жыл сайын өткөрүү пландандалууда деди,- Болотбеков.

Окуучулар арасындагы мындай таймаш 19-январда Жумгал районунда да болгон. Ал эми 31-январда Жумгал районунда хоккей боюнча республикалык мелдеш башталат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...