Акыркы макалалар

Ата-энелер балдарына учурунда тарбия бербегендиктен коомдо кылмыш иштери көбөйүүдө

Ата-энелер балдарына өз учурунда тарбия бербей, кам көрбөгөндүгү үчүн коомдо кылмыш иштери көбөйүүдө. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Аскат Султаналиев билдирди.

Анын айтымында, жарандардын көпчүлүгү чет өлкөлөргө иштегени кетип, балдарын тууган-туушкандарына калтырып коюшат. Учурунда ата-энеден жакшы тарбия албай, ар кимдин үйүндө жашап жүргөн балдардын психологиясы бузулуусу мүмкүн.

“Бүгүнкү күндө коомдо кылмыш иштери, адамдардын психологиялык деградацияга учурашы байкалууда. Башкача айтканда, адамдын ыйманы жабыркап жатат. Ата-энелер баласын өзү багып, туура багытка буруп, кыргыздын каада-салты, маданияты менен тарбия берсе, коомдо коркунучтуу окуялар болбойт эле. Тилекке каршы, зордук-зомбулук, адам өлтүрүү, уурулук кылган адамдардын көбү убагында тарбия көрбөгөн үй-бүлөнүн балдары экендигин көрүп жатабыз. Укук коргоо органдары, албетте, кылмыш ишин козгоп аларга жаза берет. Бирок, алдын-ала кайсы жерде кандай окуя болуп кетээри ар бир жарандын өзүнөн көз каранды”,-дейт А.Султаналиев.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...