Акыркы макалалар

Чүй областында куралдуу кылмышкерлерди кармашты

Ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери Чүй областында куралдуу кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан кабарлашты.

Иликтөөнүн алгачкы баскычында куралдуу кылмышкерлердин тобу ишкерлердин үйлөрүнө жана май куючу станцияларга тоноочулук кылып жүргөнү аныкталды. Мындан тышкары алар уурулук менен дагы алектенишкен. Өткөн жылдын күзүндө кылмышкерлер Сокулук районунда жеке фирманын имаратынан сейфти уурдап кетишкен.

Азыркы учурда Ички иштер министрлигинин жана Чүй областынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 1996-жылы жана 1991-жылы туулган Сокулук айылынын эки жашоочусу кармалды. Иликтөөчүлөр кылмыштуу топтун баардык катышуучуларын аныктоого аракет кылып жатышат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...