Акыркы макалалар

Чүй облусунда коомдук коопсуздукту сактоо боюнча форум өттү.

Чүй облусунда коомдук коопсуздукту сактоо боюнча жергиликтүү бийлик органдары жана милиция кызматкерлери катышкан форум болуп өттү. Аталган форум Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында “Чүй облусунун аймагында укук бузууларды алдын алуу боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомчулук менен ИИОнун өз ара аракеттешүүсү” деген теманын алкагында болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ички иштер министри Мелис Турганбаев, Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Исаев, КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиктин директору Накен Касиев, Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов, Чүй облусунун прокурору Руслан Нурбеков, Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрация башчысы Бакыт Кудайбергенов жана Чүй областынын райондорунун жана шаарларынын жетекчилери, коомдук алдын алуу борборлорунун төрагалары, Аксакалдар сотунун төрагалары, айылдык жана райондук кеңештин депутаттары катышты. Жыйын жүрүшүндө диний азгырыктарга кабылып, жарандарыбыздын Сирия өлкөсүнө кетип жаткандыгы, жаш балдарга карата зордук-зомбулук жасалган кылмыштар, аймактардагы мал уурулугу жана башка маселелер көтөрүлдү.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...