Акыркы макалалар

“СИЗДЕРДИ КӨРГӨНДӨ АЛЫСТАГЫ ЖАКЫНДАРЫБЫЗДЫ ЭСТЕДИК...”

“СИЗДЕРДИ КӨРГӨНДӨ АЛЫСТАГЫ ЖАКЫНДАРЫБЫЗДЫ ЭСТЕДИК...”

Жыл жаңыраар алдында Бегайым Жангелдиева жетектеген Нарын облустук аялдар конгрессинин мүчөлөрү жергебиздеги улуу курулуш - «Жогорку-Нарын гидроэлектр станциялары» каскадында болуп кайтышты. Элибиздин энчисине буюрган табият байлыктарынын эң баалуусу Нарын дарыясына салынып жаткан ГЭСтер тек гана теңиртоолуктардын гана эмес атпай кыргыз журтчулугунун эртеңки жаркын келечекке болгон үмүт отун тутандырып, жакшылыктарга жол ачаар үмүт тилектерден экенине күбө болушту.

Аялдардын коомдогу жана үй-бүлөдөгү активдүүлүгүн арттырууда жаңы саамалыктарды, жөрөлгөлөрдү көтөрүп чыгып, жайылтууда көптөгөн демилгелүү иштери менен кадыр-баркы артып келаткан облустук аялдар конгрессинин өткөн жылдагы аткарган иштеринин бараандуусу ушул жолугушуу болду. Энелик ак баталарын арнап коюуну парзындай кабылдаган «конгрессчилер» коюн союп, боорсогун бышырып, бозосу баштаган тамак-ашын алып «Руссгидрочуларды» өрүлүктөп келишти.

Жолугушууда «Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун башкармалыгынын мүчөсү Чоробек Аруунов менен аталган башкармалыктын төрагасынын жана корпоративдик сервистер аппаратынын башчысы Эмилбек Алымкулов жылуу маанайда тосуп алышып, жалпы иш боюнча маалымат беришип, заманбап үлгүдө салынган эки кабаттуу административдик имараты, вахталык шаарчадагы 400 орундуу жатаканасы, 170 орундуу ашканасы менен тааныштырып чыгышты.

Башкармалыктын техникалык инспектору Жамансариев Талантбек ГЭС курула турган жер менен тааныштырып, курулуштун эң орчундуусу деривациялык каналдар экендигин, бардык станциялардын курулушу платиналык схема менен долбоорлонгонун айтып, кызыктырган ар кандай суроолорго жооп кайтарып, ак дасторкон үстүндөгү баарлашуу жагымдуу маанай жаратты.

- Ажайып кооз аппак кар жамынган ушул керемет жерибизде көз жоосун алган аппак шаарчанын пайда болгонуна таң калып да, суктанып да турабыз. Конгресстин мүчөлөрү климаттык шарты кыйла татаал облусубузда жашоонун башкы байлыгына айланган ГЭСтердин курула баштаганына чын жүрөгүбүз менен кубанып бул жерде эмгектенип жаткандарды энергетиктердин күнү жана жаңы жылы менен куттуктап, өрүлүктөп келдик,- деди өз сөзүндө конгресстин төрайымы Бегайым Жангелдиева. - Нарын дайрасына курулуп жаткан ГЭСтерди тек гана облусубуз үчүн эмес Кыргызстандын учурдагы эң талылуу көйгөйүнө айланган энергетиканын өсүшү баарыдан мурда эч жерде иштебеген айылдык жаштардын бул жерде эмгектенип, өз турмушун куруп жаткандыктары сыймыктандырат. Биз эң оболу үй-бүлөсүнөн алыста жүрүп иштеп жатышкан ар кыл улуттун өкүлдөрүнө ден соолугуңардын бекем ар кандай кырсыктардан алыс болуп жооптуу ишиңердин ийгиликтүү болушун тилейбиз,-деп жылуу куттугун жолдоду.

Эзелтеден аялзаты жашоонун жарыгы, турмуш туткасы, үйдүн куту катары бийик урмат-сыйга эгедер болуп келатканын, эненин жүрөгү бардык жакшылыктарды алдын-ала сезип-туя билээрин, андыктан алгач конгрессчилер келгенине сыймыктанып турушканын айткан аталган башкармалыктын мүчөсү Чоробек Аруунов, «Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Игорь Горбенконун, жалпы эмгек жамаатынын атынан ыраазычылыгын айтты.

Өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчү катары бааланган бул курулуштун иши менен таанышып, ак баталарын берүүгө келишкен маанай жаркыткан жолугушуу мында эмгектенип жатышкандардын демине дем кошот деген ишеничте болгонун айткан Эмилбек Алымкулов: - ГЭСтер курулуп бүтсө ушул өрөөн гүлдөгөн шаарчага айланаарын, кең пейилдүү, меймандос, намыскөй, ынтымак-ырашкерликти туу туткан элибиздин күткөн тилектери орундалаар күндүн алыс эместигине ишеним артаарын билдирди.

Улуу орус элинин кыргызстандыктарга жасап жаткан мындай жакшылыгына ак батасын арнаган Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Рая Мусаеванын кыргыз акындарынын орус тилинде жазылган ырларынан окуп, тамашалуу ырларынан ырдап, атайын иш чарага арналган китептерди бергени алакан ысыткан кол чабуулар менен коштолду. Кочкор районунан келген балдар бакчасынын башчысы Матсаева Сакиндин, Ат-Башы районунан келген эмгек ардагери Фатима Шадыбекованын өмүрдү, жаштыкты даңазалаган ырлары, Ат-Башы райондук аялдар конгрессинин төрайымы Боотаева Зинакүлдүн «Манас» айтканы, Нарын мамлекеттик коругунун кызматкери Гүлбүбү Байбугуеванын анекдоттору олтургандарды кыраан каткы күлкүгө бөлөп, көңүл кушун көкөлөттү.

Аялзатынын мээримдүүлүгүн, боорукердигин, турмуштагы бардык жакшылыктарды жүрөгүнөн өткөрөөрүн бүгүнкү жолугушуудан айкын болгонуна толкунданганын жашыра алышпаган «Кыргызгипрострой» ачык акционердик коомунун башкы инженери В.А.Кабола, «Жогорку Нарын гидроэлектр станциялары» каскадынын техникалык өндүрүш бөлүмүнүн начальниги Алексей Татаринов жана башкалар айтып: «Сиздерди көргөндө алыстагы апаларыбызды, жубайларыбызды эстедик, жакшы маанай тартууладыңыздар. Биз сиздерди күтөбүз, келип туруңуздар, жүзүңүздөрдөн дайыма күлкү төгүлүп турсун»-деген тилектерин айтышты.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...