Акыркы макалалар

ИШИ КАНААТТАНДЫРАРЛЫК ЭМЕС ДЕП ТАБЫЛДЫ

Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин өткөн жылдагы жылдык кирешеси 2 208 987 сомду түзсө, чыгашасы 2 500 000 сомду түзүп, ишкананын өздүк чыгымдарын жаппай калган. Бул тууралуу аталган ишкананын жетекчисинин жылдык отчётунда айтылды. Аталган департаменттин жетекчиси Мамбетакунов Мухамбеткадырдын айтымында ээси аныкталбаган жер аянттары боюнча Нарын шаардык сотунда каралып 210 жер участогу Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин балансына алуу боюнча чечим чыккан. Бирок жер аянттарына муктаж кезекте тургандарга берүү үчүн бул жер аянттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн 210 миң сом каражат жоктугунан каттоодон өтө элек. Ал эми 2003-жылдан бери турак жай курууга жер алуу үчүн каттоодо тургандардын саны 997 адамды түзөт.

Ошондой эле жер аянттарын сатуудан жергиликтүү бюджетке 500 миң сом түшүрүү боюнча Нарын шаардык мэриясы тарабынан план берилсе, сатууга жер аянттары калбагандыктан үч кишиге жер сатылып, жергиликтүү бюджетке 69 миң сом гана чегерилип, план аткарылбай калган.

Өткөн жылы 47 сот процесси болуп, төрт мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер аянттарын муниципалдык менчикке кайтаруу, 12 мыйзамсыз курдуруп алган курулуштарды буздуруу боюнча, 31 ар кандай талаш-тартыш маселелер боюнча иш каралган. Муниципалдык менчикке тиешелүү жерлерге ижара акысын төлөбөгөндөр боюнча сотко кайрылуу менен 40 миң сом жана ошондой эле эскертүүлөрдүн негизинде 45 миң сомго жакын каражат өндүрүлгөн.

Мындан тышкары борбордук базардын айланасын иретке келтирүү боюнча иштер жүргүзүлгөн. Бирок ал иштер толук аягына чыга элек.

Бул ишкананын жетекчисинин жыл ичинде аткарган иштерине ичи чыкпаган Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев кирешесинен чыгашасы көп мекеме кантип тийиштүү деңгээлде иш алып барууга боло турганына токтолуп, бул жагдайдан чыгуу үчүн муниципалдык менчикке тиешелүү рекламалык шиттерди көбөйтүү, ар кандай булактардан алынган салыктарды чогултуунун жолун таап, көлөмүн өстүрүү өңдүү өз сунуштарын айтты. Жыйынтыгында отчетту кабыл алган шаардын бийлик өкүлдөрү Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин жетекчиси Мамбетакунов Мухамбеткадырдын ишин канааттандырарлык эмес деп тапты.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...