Акыркы макалалар

"Кыргызкөмүрдү" мамлекетке 15 миллион сом зыян келтирген деп айыпташууда

Кыргызкөмүр" ишканасы мамлекетке15 миллион сом зыян келтирген. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-изилдөө иштерин жүргүзгөн маалда Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыларды аныкташкан.

2014-жылдын август айында аталган ишканада КРдин "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү", "Кен байлыктары жөнүндөгү" мыйзамдарын, ошондой эле монополияга каршы мыйзамдарды аткарбастан, тендер өткөрүүгө уруксат бербестен, кенди иштетүүгө уруксат бербестен туруп көмүргө карата баа өз алдынча арзандатылган.

"Кыргызкөмүр" ишканасынын кызмат адамдары мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келип, кенди иштетүүгө лицензиясы жок жоопкерчилиги чектелген коомдордун бири менен пайдасыз келишим түзгөн.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 15 млн сомдук зыян келтирилген.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...