Акыркы макалалар

БШК бүгүн Түлеевди депутаттык мандатынан ажыратуу жөнүндө маселени карайт

Бүгүн, 21-январда Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевди Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратуу тууралуу маселени карайт. Бул маселе бүгүн комиссиянын жыйынынын күн тартибинде каралмакчы.

Түлеевге карата айыптоочу өкүм Бишкек шаардык соту тарабынан чыгарылган. Экинчи инстанциянын чечиминин күчү ал чыгарылгандан кийин дароо эле күчүнө кирет. Мыйзам боюнча 30 күн аралыгында БШК депутатты ыйгарым укугунан ажыратышы керек.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 29-июлунда Ленин райондук соту тарабынан Түлеев 11 жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка кесилген жана ага карата үй-мүлкүн конфискациялоо, үч жыл арасында мамлекеттик кызматка келүүгө тыюу салуу жөнүндө токтом чыккан.

Мындан тышкары Бишкек жүргүнчү унаа ишканасынын мурдагы директору Медет Кожебергенов, мурдагы вице-мэр Валерия Корниенко, муниципалдык башкармалыктын мурдагы башчысы Руслан Бейшенбаев, мэриянын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн мурдагы башчысы Беримбек Токтобеков, "Тазалык" ишканасынын мурдагы директору Бакыт Сыдыковдор айыпталып, күчөтүлгөн режимдеги абакка кесилишкен.

Ленин райондук сотунун мындай өкүмүнө карата жактоочулар жогору турган инстанцияга арыз беришкен.

Ал эми Бишкек шаардык соту 23-декабрда Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...