Акыркы макалалар

Кумтөр келишими боюнча орток пикир табыла элек

Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Өкмөт башчы Канададан келген келишимдердин акыркы варианты азыр которулуп жатканын, 26-январда сүйлөшүү үчүн “Центерранын” өкүлдөрү Кыргызстанга келерин да кошумчалады.

“Принципиалдуу маселелер боюнча орток пикирге келе элекпиз. Канада тарап буга чейинки келишимдеги айрым бир шарттарды калтыргыла деп атат. Биз ага көнбөй жатабыз”, - деди Оторбаев.

“Кумтөр” ишканасы боюнча Кыргызстан канадалык компания менен келишимди өткөн жылы бир тараптуу бузган. Канада тараптын түшкөн кирешени теңме-тең бөлүү сунушун парламент кабыл алган эмес. Ал эми парламенттин Кумтөрдүн кирешесинин 67 пайызына Кыргызстан, калганына “Центерра” ээ болсун деген сунушуна Канада тарап көнбөй келет

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...