Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө диний-экстремисттик уюмдарга мүчө 79 адам каттоодо турат

Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Маалыматка ылайык, бир жылдын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунда диний-экстремисттик агымдардын адабияттарын мыйзамсыз сактоо боюнча 18 факты аныкталып, 291 даана адабияттар тартылып алынган.

Облустук ички иштер башкармалыгында тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” диний экстремисттик уюмуна мүчө 79 адам катоодо тарат. Негзинен облустун 12 айылында аталган уюмдун мүчөлөрү бар.

Облус аймагында 195 диний уюм бар, анын ичинен 170и ислам динине, калганы христиан динине тиешелүү.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...