Акыркы макалалар

Кумтөрдөн Ысык-Көлгө 400 млн сом түшөт

Ысык-Көл өнүктүрүү фондусуна 2013-жылга 400 млн каражат түшөрү болжолдонууда. Аны облусту өнүктүрүү үчүн 30-40 пайызы бюджетке киреше алып келүүчү булактарга бөлүү жагы колдоого алынууда. Ал эми калган каражат социалдык багыттарга жумшалат. Мындай маалымат облустук администрациясынын пресс-борборунда өткөрүлгөн, өнүктүрүү фондунун каражатынын сарпталышына арналган пресс-конференцияда журналистерге облусттук байкоочу кенештин мүчөлөрү маалымдашты.

Иш чаранын жүрүшүндө журналистердин суроолоруна өкмөттүн өкүлүнүн жардамчысы Роза Кайыкова жана Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун кызматкерлери жооп беришти.

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун жетекчиси Айтбек Окенов областтын аймагында өткөн жылдарда 12 объектке каражат бөлүнүп, анын 4тү ишке кирип, 8и өтпөй калды. Аларга каражат жетпегендиктен бул жылда 19млн. 600 сом бөлүнөрүн билдирди.

“Эгерде Кумтөр бизге убада кылган акча каражатын толук берсе анда биз алдыга койгон максаттарыбызды ишке ашырууга мумкундук түзүлөт. Ал максатта жергиликтүү элди жумуш менен камсыз кылуу жана бюджетке киреше киргизүү үчүн Күрмөнтү цемент заводу ишке киргизүү пландаштырылууда. Ошондой эле казынага киреше киргизүүчү булактардын долбоорлору жер-жерлерде каралып, байкоочу кеңештин кароосуна коюулат. Ал 25-январда болот”-дейт А. Окенов.

Журналистердин бир катар суроолоруна жооп берген фондун өкүлдөрү элдин акчасы болгон каражат боюнча ким билүүнү каааласа фондун эшиги ачык экенин билдиришти.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...