Акыркы макалалар

Кыргызстанда 2015-жылы 27 миң 450 баланын майып экендиги аныкталган

2015-жылдын 1-январына карата,Кыргызстан боюнча 27 миң 450 баланын мүмкүнчүлүгү чектелгендиги аныкталган. Бул тууралуу социалдык жактан өнүктүрүү боюнча кызматкери Жаңыл Алыбаева билдирди.

“2015-жылдын 1-январына каратаКыргызстан боюнча 27 миң 450 баланын мүмкүнчүлүгү чектелгендиги аныкталган. Алардын ичинен 2 миң 560 бала Бишкек шаарында, 941 бала Ош шаарында же 6 миң 707 бала жалпы шаарда жашаса, 20 миң 743 бала айыл жергесинде турат”- дейт Ж.Алыбаева.

“Ошондой эле 2014-жылдын 1-январында 26 миң 672 баланын мүмкүнчүлүгү чектелгендиги аныкталып, алардын ичинен 13 миң 263үн эркектер түзсө, 13 миң 409у кыз бала”,-деп кошумчалады ал.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...