Акыркы макалалар

Россиянын эксперти Кыргызстанда жагдай курчушу мүмкүн экенин айтты

"Россия башынан кечирип жаткан экономикалык кыйынчылыктар тигил же бул деңгээлде Кыргызстандагы жагдайга таасир берет. Бул маселелерди азыр республикадагы оппозиция дагы көңүл сыртында калтырбайт",-деп эсептейт Россиянын саясат таануучусу, "Улуттук стратегиянын маселелери" деп аталган журналдын башкы редактору Аждар Куртов.

"Евразия өзүнүн өнүгүшүндөгү эң кыйын учурду баштан кечирип жатат. Эч ким мунайдын баасы ушунчалык арзандап кетет деп күткөн эмес, жарым жыл мурда мындай бир дагы прогноз жок болчу. Ошондой эле эч ким Украинадагы саясий кризис ушунчалык тез өнүгөт деп ойлогон эмес. Ошондуктан евразиялык саясаттагы борбордук элемент катары Россиядагы окуялар анын шериктери менен коңшуларына сөзсүз таасирин тийгизет",-деп билдирди "ВБ"га Куртов.

Серепчи келе жаткан жазда Кыргызстанда жагдай кыйындап кетиши мүмкүн деп божомолдойт.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...