Акыркы макалалар

Кыргыз чеберлеринин XIX кылымдагы зер буюмдары Москвада көргөзүлүп жатат

Москвадагы "Царицино" музейинде "Күмүштүү Чыгыш" деген аталыштагы көргөзмө өтүп жатат. Ага XIX кылымда жана XX кылымдын биринчи жарымында Орто Азиянын чеберлери жасаган зер буюмдар коюлган. 150 предметтен турган экспозицияга өзбек, тажик, түркмөн, кыргыз жана казак чеберлеринин зер буюмдары кирет. Көргөзмө 2015-жылдын 12-апрелине чейин уланат.

Коллекцияда өз алдынча улуттук колорит, алардын декоративдик жана көркөм өзгөчөлүктөрү көрсөтүлөт.

Өзбек жана тажик зер буюмдары майда деталдардын бар экендиги менен айырмаланса, түркмөн кооздуктары өздөрүнүн үлкөндүгү, так көрүнүшү менен өзгөчөлөнөт.

Кыргыз чеберлеринин жасаган шөкөттөрү болсо жөнөкөй салынган оюу-чийүүлөр менен өзүнө тартып турат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...