Акыркы макалалар

Ыйманды, мээнетти ыйык туткан жубайлар

Ыйманды, мээнетти ыйык туткан жубайлар

Өткөн жыл Нарын шаарынын тургундары уста жигит Алмазбек Абдракманов менен Нарын медициналык колледжинин мугалими Жайна Шапаковага маанай жаркыткан жакшылыкты жылоолоду. Жыл жаңыраар алдында Сагынбай Орозбак көчөсүнө эки кабаттуу заңгыраган “Ализа” аттуу эмерек ишканасын ачышты.

Жаштайынан колу усулдуу, кудайды көзү менен көрбөсө да акылы менен таанып, оор-басырыктуу, акыл-эстүү Алмазбек менен ачык - айрым, тың- тарс, иштин көзүн билген кичи пейил, жайдары мүнөз Жайна экөө адегенде үйлөрүнө чакан цех ачышып жаңыдан төрөлгөн татынакай наристесинин Ализа деген атын ыйгарышкан эле

-“Ализанын” бышык, сапаттуу материалдардан жасалган заманбап үлгүдөгү үй эмеректери башкалардан абдан жарашыктуу жана кыйла арзан экен,-деген кардарлардын мактоосунан улам заказ бергендер күн санап көбөйүп, иши илгерилей берди. Бара- бара балдар бакчалары, мекеме- ишканалардан заказдар арбын түшө баштады. Ооба, эң оболу жүрөктөрүн актык, аруулук уялап ыйманын ыйык туткан мээнеткеч жубайларга жакшылык өзү жанашты. Бишкектеги “ЧП Каргалдаева” аттуу белгилүү мебель ишканасынын башчысы кудай жолунда жүргөн Ташыбеков Талгат ажынын ымандары ысык, ийиктей имерилип, сылык-сыпаа сүйлөп, убадага бек жаш жубайларга пейли түшүп, ишеним артканы жакшылыктарды ыроолоп, Нарынга филиал ачсам деген тилегин ишке ашырды. Эстония, Россия, Украинадан алынып келинген эң мыкты сорттогу жыйырмадан ашык түрдөгү ламинаттардан классикалык стилде жасалган бардык үй эмеректеринин, офистин көркүн чыгарган мебелдердин көптөгөн түрлөрү баарыдан мурда башка цехтерден кыйла арзандыгы “Ализанын” атын чыгарды. Ооба, каш кагымдай болгон үч жылда кичинекей цехтен эки кабаттуу бардык шарты бар цехге айлантуу жубайларды эл элегинен, мезгил сынагынан өткөргөн түйшүгү түмөн чаалыкпаган эмгегинен эң оболу башкалардай болуп баасын ашыра айтып, маңдайга буюрган ырыскыга каниеттенип, үйдүн көркүн чыгарган жарашыктуу арзан баадагы эмеректери менен кардарлардын жүрөгүнө жылуулук уялаттырды.

Кесибине ылайык кызмат, жөндөмүнө жараша жумуш табылбай далай жаштар үйүндө олтурганда “Ализада” алты жигиттин иштеп, (алардын арасынан Келдибай уулу Табылдыны Бишкектеги кесиптик лицейден окуттуруп келишкен) -эмгегине жараша 10 миң сомго чейин айлык таап, үй- бүлөсүн багып, оболу алиги атың өчкүр арам тамак арактан, жаман адаттардан алыс болуп, цехтеги намазканадан намазын окуп, ыйман жолунда жүрүшкөнүнүн өзү эле жубайларга алкыш айттырган жакшылык эмей эмне.

-Мен үч жылдан бери Алмазбек менен ага-инидей болуп бирге иштешип келе жатам,-дейт Чет-Нура айлынын тургуну жеке ишкер Акылбек Асантуров.-Айыл өкмөтүнүн кеңсесине, балдар бакчасына алган эмеректерибизди көргөндөр: -бул буюмдарды атайылап заказ менен Бишкектен жасаттыргансыңарбы?- деп сурап калышканда :Нарындагы “Ализадан” алганбыз десек ишене беришпей таңгалып калышат. Нарындагы үй эмеректерин жасаган көптөгөн цехтерден “Ализанын” артыкчылыгы ламинаттардын түрлөрүнүн көптүгү, кардар каталогдон карап өзү каалаган буюмду заказ берет. Ламинаттардын каалаган өңүнөн дизайнын түзүп, компьютерден карап ылайыктап жасап беришет. “Аял жакшы эр жакшы” дегендей иштеринин илгерилешине Жайнанын кылган эмгегин айтпай кетпесем болбойт.

-Бизди Алмаз менен Жайнанын үч жылда эле ушундай цехти ачып, алты жигитти жумуш менен камсыз кылганы абдан кубандырат,-дейт Нарын шаарынын ишкерлер ассоциациясынын төрагасынын орун басары Жамал Максүтова. -Жаштарыбыз жумуш жок деп алакан жайбай ар ким өз жөндөмүнө жараша эмгектенсе эле үзүрүн көрөт экен да.

Айтмакчы, Президент Алмазбек Атамбаев 2013- жылды Иштерман жылы деп жарыялады. Ооба, чаалыкпаган адал эмгек гана адамды бак- таалайга бөлөйт эмеспи. Андыктан элибиздин эртеңки күнгө үмүт артып, өз жөндөмүнө, колунан келээр ишке багыт алып иштермандыкты өркүндөтүү менен өлкөдө туруктуу өнүктүрүүнүн милдеттерин чечүү максатын көздөгөн бул Иштерман жылында теңиртоолук жаштар да жаш жубайлардан таалим алып, өз турмушун оңдоонун аракетин көрүшсө деген ишенимдебиз.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...