Акыркы макалалар

«АЛДЫГА УМТУЛ, БАЙКАП КӨР!..»

«АЛДЫГА УМТУЛ, БАЙКАП КӨР!..»

Сингапурлук Нисар Кешвани 2011-жылы Борбордук Азия Университетинин (БАУ) Коомчулук менен байланыш бөлүмүн уюштурган. Ал БАУга академиялык тармакта беш континентте топтогон корпоративдик коммуникация жана мультимедиялык журналистика боюнча өзүнүн жыйырма жылдык иш тажрыйбасын алып келди. Кешвани журналистика жана коомчулук менен байланыш тармагындагы тажрыйбасы аркылуу илимий жана мамлекеттик кызматты стратегиялык интеллектуалдык чөйрө менен айкалыштыра билген өзгөчө өнөрдүн ээси. Анын карьерасынын басымдуу бөлүгү ишкердик демилгелерди, коммуникация каражаттарынын жаңы бөлүмдөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы инновациялык долбоорлорду, жаңы академиялык программаларды жана окуу пландарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө арналган. Бул макаладагы ой-пикирлер авторго гана таандык жана Борбордук Азия Университетинин көз карашын чагылдырбайт.

КҮТҮЛБӨГӨН КЫРДААЛДАРГА ДАЯР БОЛ

Мен өспүрүм кезимде Бангладеште бир ай жүргөм. Ал менин жалгыз барган сапарларымдын биринчилеринен болуп, эстен чыккыс таасирин жана кесиптик турмушумда элес калтырган абдан пайдалуу маданий тажрыйба болгон.

Ар бир дасыккан саякатчы чет өлкөгө барганда ал жаңы жердеги булганган аба,жолдордогу чоң авто тыгындар, такси менен тынбай айланып жүрүү же чөнтөк уурулук сыяктуу ыңгайсыздык же жаман окуяларга көп деле маани бербейт. Жаңы чөйрөгө киргенимде жергиликтүү досторум мени “хота хай” деген түшүнүк менен тааныштырышты, бул хинди тилинде «мындай боло берет» дегенди билдирет. Ар бир укмуштуу же күтүлбөгөн окуяга, же жолу болбой калганда – күлүп, “хота хай” деп коюп андан ары кете беришчү. «Күтүлбөгөндүктөргө даяр бол», - деп үйрөтүшчү.

Борбордук Азия Университетинин Коомчулук менен байланыш бөлүмүн башкарып жүрүп, Борбордук Азиянын коомчулук менен байланыштар жана медиа-индустриясы тармагында өтөгөн төрт жылдык кызматымда күтүлбөгөн нерсе жөнүндө бир-эки нерсе үйрөндүм.

ПРЕСС-РЕЛИЗ ЖАНА КЫСКАЧА ЖАҢЫЛЫК-МАКАЛАЛАР

Коомчулук менен байланыш тармагында иштеген ар бир кесипкөй адис жакшы пресс-релиз алты суроого (эмне, ким, эмне үчүн, качан, кайда жана кантип) жооп бериш керек деп айтат. Анын ичинде уюмдун көз карашын чагылдырган жана негизги корпоративдик билдирүүлөрдү камтыган фактыларды берүү зарыл. Негиздердин универсалдуулугуна карабастан, Борбордук Азияда онлайн режиминдеги англис тилдүү массалык маалымат каражаттары жаңылыктар түрмөгүнүн функциясын аткарууга ыкташарын дароо туйдум. Алар пресс-релиздерди (толугу менен же редакцияланган түрдө) көбүнчө баштапкы тилин өзгөртпөй эле жарыялашат. Экинчи пресс-релизди чыгарарда мен өзүмдүн амплуамды журналистикке өзгөртүп, пресс-релиздерди жаңылыктар стилинде чыгара баштадым. Эмнеге болбосун? Материал жарыялана турган болсо, нукту өзгөртүп, репортаж маданиятына таасир кылып көрүүнү туура көрдүм. Жакшы жери: биз жөнүндө жазып жүргөн журналисттердин өздөрүнүн жазуу стилин жакшыртып алганын байкадым.

БАЙЛАНЫШТАРДЫ ЧЫҢДОО

Көпчүлүк пост-советтик мамлекеттер өз улуттук тилине ээ болсо да, орус тили дагы эле улуттар аралык байланышуунун тили бойдон калууда. Мен бул региондо бир нече жыл жашасам да, орус тилинде эң эле жөнөкөй сүйлөм түзө алам деп айтуудан уялам. Кесиптештерим орус тили үйрөнүүгө эң кыйын болгон тилдердин бири деп мени жоошутуп коюшат. Орус тилин билбегеним, ишенимдүү котормочунун жардамы менен, пресс-катчылар, мамлекеттик кызматчылар, кызыктар тараптар, өнөктөштөр, ММК кызматкерлери жана коомчулуктун өкүлдөрү менен сансыз жолугушууларга катышуума тоскоол болгон жок. Угуп, байкап, суроолорду берип атып, сүйлөшүүлөрдүн негизги өзөгүн түшүнүп алам. Аягында, негизги адам импульсу –тил табышуу жана байланыштарды түзүү – иштей баштайт. Биринчи беш мүнөттүн ичинде мени менен баарлашып жаткан киши менен байланыш түзүп, аны түшүнүүгө жана бизди кызыктырган маселени чечүүгө болгон аракетимди жумшайм. Кээде буга көбүрөөк убакыт керек болот, бирок, көздөгөн максатыбызга дайыма жетебиз.

КОТОРМОДОГУ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР ЖАНА ЖЕҢИЛДИКТЕР

Бетме-бет жолугушуулар учурунда мен оюмду так айтып түшүндүрүү үчүн бир-эки мүнөт убакыт кетирсем, котормочу ошол эле сөзгө эки эсе аз убакыт короткону мени таң калтырып келет. Англис тили башка тилдердин компоненттерин өзүнө сиңирип, узак убакытта өнүккөн, ал эми орус тилинде андай процесс болгон эмес экен. Англис тилинин сөздүгүндө миллионго жакын сөз бар болсо, орус тилинин сөздүгүндө – 150 000 эле сөз бар экен. Ага карабастан, көз караштар көпчүлүк учурда түшүнүктүү болот. Бирок, жазуу речине келгенде такыр башка кырдаалга туш болосуң (сөзмө-сөз мааниде!). Көпчүлүк учурларда англис тилинен орус тилине которууда сөздөрдүн саны 30-50 пайызга чейин көбөйүп кетет. Мунун артында логика жатат; маалыматты тактоо үчүн орус тили контекстти сүрөттөө муктаждыгын жаратат. Ошол себептен, биз мейкиндик үчүн күрөшүүгө аргасыз болобуз. Англис тилинде эки бетти ээлеген текст орус тилинде андан көбүрөөк бетти ээлейт. Текст үчүн мейкиндик чектелүү болсо, өтө кылдаттык менен жазууга мажбур болобуз жана бул жаман натыйжа бербесин калем чеберлеринин баары жакшы билишет.

КЫЗЫКТЫРУУЧУ СЫЙАКЫ

Мен бул жерге биринчи келгенде жалпыга маалымдоо каражаттарынын биздин материалдарыбызды жайгаштыруу үчүн кызыктыруучу сыйакыны– негизинен эл аралык уюмдардан жана корпорациялардан –үмүт эткендери таң калтырды. Биздин уюм эл аралык болгондуктан дароо эле коммерциялык уюм катары кабыл алынып жатты. Бирок, биз коммерциялык жогорку окуу жай эмеспиз жана акы төлөө биздин философиябызга каршы келет. Кийинчерээк, мен массалык маалымат каражаттарында иштеген жумушчулардын айлык акылары төмөн, жана кээ бир учурларда жан сактоо маданияты өкүм сүргөнүн аңдадым. Алардын мотивациясын да түшүндүм. Алар болгону маалымат булактарын сактап калууга аракеттенип жатышат да.

Бул маселени чечүү эки баскычтан турду: биринчиден, ММКга биздин ой-максаттарыбызды (тоолуу аймактарда жашаган элдердин жашоо шартын жакшыртууга багытталган жогорку сапаттагы билим берүү) түшүндүрүү, экинчиден, аларды да бул процесске тартуу. Эл аралык эксперттерди чакырууга, кесиптик жөндөмүн жогорулатуу жана өз өлкөсүн жана аймагын кыдырууга мүмкүнчүлүктөрү аз экенин түшүндүм. Ыңгайы келгенде, мен аларга өздөрүнүн кесиптик жөндөмүн жогорулатууга, чет өлкөдөн чакырылган профессорлордон интервью алууга, биздин алыскы аймактарда иштеп жаткан долбоорлорубуздун натыйжаларына күбө болуп келүүгө, китепканаларыбызды колдонууга шарт түзүү менен бирге, мыкты тажрыйбабыз, жаңы окуу материалдар жана изилдөөлөрүбүздүн натыйжалары менен бөлүшүп турдум.

Дүйнөлүк банктын/Глобалдык өнөктөштүк фондунун «Маалыматтын ролу жана мааниси – Кыргыз Республикасында ачык-айкындык жана отчеттуулук» (IMTAK) долбоорунун аркасы менен Университеттин Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби 125 журналист үчүн мамлекеттик финансы боюнча маалыматты талдоо, даярдоо жана таркатуу жөндөмүн жогорулатуу максатында журнализм жана ММК боюнча 18 айлык окуу өткөрдү. Ошону менен бирге, Университет Борбордук Азия журналисттеринин мамлекеттик финансы жаатындагы стандартташтырылган терминдерди колдонуу муктаждыгына жооп берген, 500 термин жана түшүндүрмөнү камтыган Мамлекеттик финансы жана бюджет даярдоо боюнча орусча-кыргызча-англисче глоссарий иштеп чыкты.

Бул сыяктуу демилгелер аркылуу, биз жагдайды өзгөртө алдык. Бүгүнкү күндө борбордук азиялык басма сөздөрдө Борбордук Азия Университети жөнүндө жыл сайын орточо эсеп менен 250 дөй кабар чыгып турат (албетте, баары акысыз!). Жакында орун алган маанилүү окуя боюнча кабар ММКда үч күндүн ичинде эле дээрлик 100жолу кездешти (бул ирет да баары акысыз).

ЧАКАН ЖЕРЛЕР, ЧОҢ ТААСИР

Мен ММК жана коомчулук менен байланыш тармагында насаат берген жаштар көп учурда маанилүү из калтырууну кыялданышат, өзгөчө ата-мекенинен алыс аймактарда. Борбордук Азияга келгенимден тартып, мындай кубаттуулук, Университет өз шаарчаларын куруп жаткан Нарын, Хорог жана Текели сыяктуу чакан коомчулук ичинде чоң таасирге ээ экендигине күбө болдум.

Качан болбосун, жогоруда айтылган өз ара тыгыз байланышта болгон (калкынын саны 30 000ден 50 000ге чейинки) тоолук коомчулуктарга барган сайын, эл менен байланышты сезем. Ал коомчулуктар чакан жана элет жергесинде болгондуктан эмес, алардын алыс аймактарда жайгашуусунан жана чыдамкай болуусунан улам. Бир чакырым узабай эле тааныш бирөөнө учурайсың же болбосо маанилүү өзгөрүүгө себеп болгон адамга кезигесиң. Бул аймактарда эмгектенген журналисттер көп нерседен пайдалана алат. Ири ММКда кызмат өтөө учурунда, тиешелүү аудитория менен байланыш түзүү үчүн кошумча күч сарптоого мажбур болосуң. Аталган аймактарда жалгыз журналисттер менен гана эмес, коом мүчөлөрү менен дагы таанышып калдым, ошондон улам, коомчулук тууралуу кабардар болуу мен үчүн жеңилдеди. Мына ушул себептен биздин материалдарыбыз так, туура жана тийгизген таасири боюнча күчтүү. Бул сыяктуу коомчулуктарда, хота хай өзгөчө мааниге ээ – нерселер жөн эле боло бербестен, ММК жаатында кесипкөй катары, аларды болтуруу мумкүн.

Менин кесиптешим жана IMTAKтын бүтүрүүчүсү, Клара Эсеналиева, Нарындагы “Теңир-Тоо” газетасына материалдарды даярдайт. Белгилеп айта кете турган нерсе, ал Университеттин курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу өз коомдук газетасына жазган жаңылык-макаласы жана башка бир катар макалалары үчүн Өнүктүрүү саясат институтунун “Бюджеттин айкындыгы үчүн” кыймылы тарабынан уюштурулган журналистика боюнча улуттук конкурста биринчи орунду ээлеген. Нарындын коому жакшы кабыл алган макалада терең маанидеги фактылар, статистикалык жана финансылык маалымат менен татымы күчтөндүрүлгөн салмактуу ой-пикир сунушталган. Жаңылык, албетте, өз таасирин калтырды.

Борбордук Азия аймактарынан жана өзгөчөлүктөрүнөн тышкары, бул сабактарды дүйнөлүк деңгээлде дагы колдонууга болот. Жакшылап ой жүгүртсөм, хота хай сабагы менин аң-сезимимде терең орноп, жашоомдун ажырагыс бөлүгү болуп калыптыр. Эгер аны бирөө өзүнүн мантрасына айлантып алса, анда турмуш дуушар кылган ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарда чыгармачыл чечимдер табылат.

Алдыга умтул, байкап көр! Анткени, алдыда эмнелер күтүп жатканын эч качан билбейсиң.

Нисар КЕШВАНИ.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...