Акыркы макалалар

АРЗУУСУ-ЭНЕРГЕТИКА

АРЗУУСУ-ЭНЕРГЕТИКА

Быйыл Малай Досмамбетовдун Нарын электр тармактар ишканасынын босогосун аттаганына 41 жыл толуптур. Ким билет, балким, 41 жыл илгери, аталган ишкананын эшигин электромонтер-айдоочу катары аттаган жаш жигиттин үмүт тилеги аппак кардай таза, суудай тунук болгон үчүн жаратканыбыз маңдайына «ушул жерден баар таап, ушул жерге ата болуп, эл башкарасың деп» жазып койгон чыгаар...

Бул кесипти кандайча тандап алдыңыз эле деген суроомо жооп берип жатып Малай Жумакадырович, айрым адамдардай калп жасакерленип, «энергетик болууну «жалаякта жатканда» эле эңсечүмүн» деген жок. Нарын шаарында төрөлүп, өсүп,1969-жылы аталган шаардагы №3 Киров атындагы орто мектепти эң жакшы деген баалар менен аяктаган Малай ага колхоз-совхоздордун гүлдөп турган чагында ошол кездеги бардык тоолук балдардай эле ата-энесинин кеп кеңеши менен Фрунзедеги Скрябин атындагы айыл чарба институтуна тапшырып, конкурстан кулап калат. Туулган шаарына кайтып, алгачкы эмгек жолу Нарын шаардык жүк ташуучу автобазада айдоочу болуп эмгектенүү менен башталат. Советтик армияда кызмат өтөп келген соң1974-жылы Нарын электр тармактар ишканасына электромонтер-айдоочу болуп кирген М.Досмамбетов бүгүнкү күндө да аталган ишканада. Ал эми арада жаштык күндөр, түйшүктүү иштер, турмуштун, анын ичинде сүйгөн кесиптин оош-кыйыштары, жетишкендиктери...

Айрым учурларда кесипке болгон сүйүү анын оор жүгүн тартып баштаганда пайда болот эмеспи. Анын сыңары, Малай ага да төмөндөн жогору тепкич менен көтөрүлүп, электромонтер-айдоочу катары иш баштап, эң алгачкы аварияга барганда монтерлор кара терге түшүп, алышып жатышып бузулган тетикти алмаштырганда көзгө сайса көрүнгүс караңгылыкка жарк этип жарык келип, жарык менен кошо жылуулук, жашоо келгендей жандана түшкөндө бир башкача сезимдерге тушугуп, адамдарга жылуулукту, жарыкчылыкты тартуулаган ушул кесипке ашык боло түшкөн. Ошол ашыктык Малай аганы аталган тармакта эмгектенген үч жыл ичинде такшалтып, жетилтип, Фрунзе шаарындагы политехникалык институттун энергетика факультетине тапшырып, жогорку билим менен кошо «инженер-электрик» кесибин алууга түрткү болгон.

- Электромонтер болуп иштеп жүрүп бул кесипти чындап жактырып, аздектеп калдым. Ушуну менен эле токтоп калгым келген жок. Албетте, жогорку билимди сырттан алсам деле болмок, бирок, билимим чала болуп калбасын деп күндүзгү бөлүмүнөн билим алууну чечтим. Ошентип, энергетика илимин беш жыл бою казып окуп, энергетиканын теориялык багажын жүктөнүп, туулган жериме жол тарттым. 1982-жылдын август айында Нарын электр тармактар ишканасынын көмөк чордон кызматынын ага устаты болуп иш баштадым. Бир жыл өтпөй Нарын электр тармактар ишканасынын көмөк чордон кызматынын акими болуп дайындалдым. Ал кезде профсоюз тармагы абдан күчтөнүп турган чагы эле, 1990-жылы жетекчилик жергиликтүү профсоюз комитетинин төрагасы болуп жок дегенде бир жыл иштеп бер деп суранышты. өзүм өндүрүштү жакшы көрсөм да профком болуп иштегенге туура келди. Билинбей арадан төрт жыл өтүп, 1994-жылы Тянь-Шань электр тармактар ишканасынын акими болуп дайындалдым. Анан Нарын электр тармактар ишканасынын координациялоо жана пландоо иштери боюнча деректирдин орун басары, электр энергиясын сатуу иштери боюнча деректирдин биринчи орун басары,1998-жылдан тартып Нарын электр тармактар ишканасынын деректири болуп калдым. 2001-жылдын 1-июлунан баштап биз тарадык. Мурун энергетиканы тейлеген «Кыргызэнерго» деген бир эле система болсо, 2001-жылдан тартып монополияга өтүп, 7 акционердик коом, 4 бөлүштүрүүчү компанияга бөлүндү. 2001-жылдан тартып мен Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын деректири, ал эми 2004-жылы «Чыгыш электр тармактар» ишканасынын генералдык деректири болуп дайындалдым.

2005-жылкы элдик революцияда өлкө башчылары алмашты. Ишимде эч кандай калпыстыктар кетпегени менен бардык эле жетекчилер алмаштырылып, мен да ордумда калган жокмун. Кайрадан Нарынга келип, 2005-жылдан ушул мезгилге чейин Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын башчысы болуп эмгектенип келе жатам, - деп эскерет Малай ага басып өткөн жолун.

Андан бери толук 41 жыл өтүптүр, 41 жыл ичинде Малай Жумакадырович энергетика тармагында гана эмгектенбестен облустун коомдук турмушуна да аралашып, Тянь-Шань районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты, Нарын облустук, Нарын шаардык кеңештеринин депутаты катары да элине кызмат кылып келген. Иш жолундагы өзгөрүүлөр, жаңылануулар, көйгөйлөр тууралуу кеп салып олтуруп Малай Жумакадырович аталган система башынан далай кыйың кезеңдерди өткөргөнүн, ошентсе да «көч бара-бара түзөлөт» демекчи акыркы жылдары өсүш болуп жатканын, бирок, дагы да болсо жасалчу иштер арбын экендигин баса белгилейт.

- Мен жаңыдан эмгектенип баштаган 1974-жылдары жалпы облус боюнча подстанциялар абдан аз болчу. 1980-жылдардан баштап электрэнергиясын колдонуу көбөйө баштады. Бул, албетте, курулуштардын көбөйүшү, облустун, шаардын өсүшү, элинин көбөйүшү менен байланыштуу болду. Мындан сырткары көп мекемелер ачылды. Ошол мезгилде массалык түрдө подстанциялардын курулушу башталды. Ал убакта көбүн эсе 35 кВт подстанциялар эле, алардын кубаттуулугу, потенциалы аз болгондуктан 110 кВт подстанциялар, 110 кВт линиялар курула баштап, бир чети Торугартка, бир чети Жалал-Абадка чейин жетти. 1980-жылдардан 1990-жылдарга чейин кубаттуулугу жогору подстанциялар, линиялар курулуп, энергосистемада чоң өсүш болду. Союздун убагында бардыгы бир борборлоштурулуп, Советтер Союзунун ар бир булуң-бурчунда заводдор бар эле. Бардык бизге керектүү тетиктер, запастык бөлүктөр, жабдуулар башка союздук республикалардан келчү. Бул жаатта эч бир маселе жаралчу эмес. Анан Союз тарагандан кийин байлантыштар үзүлүп, тетиктер келбей калды. Кыйынчылыктар ошол Союз тарагандан кийин башталды. Андайда эскисин оңдоп-түзөп колдо бар нерселер менен иштеп аттык. Анчалык чоң авариялар деле болгон жок, ага жеткирген жокпуз. Союз тарагандан кийин мамлекетибизде көмүр өндүрүүчү ишканалар токтоп калып, ал эми башка жерден көмүр келбей калгандыктан 1994-жылдары «электр энергиясына өткүлө» деген саясат жүрө баштады. Электр энергиясын керектөө абдан өсүп, турак үйлөрдү, мекемелерди жылытуу да электр энергиясына которулуп калды.

«Кыргызэнерго» бөлүнгөндөн кийин эң кыйын күндөр башыбызга келди. Бир калыпка салынып, туруктуу иш жүрүп келген системаны чачыратып, таратып жибергенден өткөн жаман нерсе жок экен. Бөлүндү болуп калгандан кийин системалар да бөлүнүп кетти, ар кайсы тармактан энергетика системасын түшүнбөгөн, адистиги башка адамдар келип башкарышып, энергетика банкротко учурай баштады. Мурун жалаң киреше менен чыгып, акционерлерге дивиденддерди берип, андан сырткары жаңы линияларды, жаңы подстанцияларды куруп жүргөн болсок, ремонтко да каражат жок болуп калды. –дейт Малай ага.

Малай Жумакадырович айтмакчы, ошол жылдары системада коммерциялык да, техникалык да жоготуулар көбөйүп, мурун, «ууру свет» деген түшүнүк жок болсо, Союз тарагандан кийин жарык уурдагандар көбөйүп, жасалма жылыткычтар, мештер массалык түрдө пайдаланыла баштаган. Мурун электр энергиясын жарык үчүн, анан көбүн эсе телевизор, үтүк, муздаткычтарды иштетүүгө гана пайдаланып келсек кийин үйлөрдү, тармактарды электр менен жылытуу пайда болду. Электр отказандары пайда болгондон кийин эч кимдин от жаккысы келбей калды. Электр энергиясын пайдалануу өскөндүктөн эски подстанциялар кубаттуулукту көтөрө албай, четинен жарактан чыга баштаганы да көйгөйдү жаратпай койгон жок. Ошондой болгон күндө да облустун энергетиктери «жамап-жазгап» дегендей, күнү-түнү катарда болуу менен кыйын кезеңдерден татыктуу чыга алышкан.

- Ошол убактарда кыйналдык, бирок, акыркы 3-4 жылдан бери Кыргызстандын энергосистемасында анча-мынча болсо да жаңылануулар болуп жатат. Зарыл болгон жаңы жабдууларды, тетиктерди алып, эскилерин жаңыларына алмаштыруудабыз. 2014-жыл ичинде бизге 110 өчүргүч (выключатель) келип, өчүргүчтөрдүн 60-70 пайызын жаңысына алмаштырдык. Ошолордун бардыгы Союздун убагынан бери келген өчүргүчтөр болчу. Ошончо жыл иштеген өчүргүч өзүнүн ресурсун жоготуп коёт. Негизи өчүргүчтөр жабдууларды өрттөнүп кетүүсүнөн сактап турган башкы тетиктердин бири, ошондуктан ошол өчүргүчтөрдү эми бир-эки жылдын ичинде толук алмаштырып бүтөбүз деген тилегебиз бар. Ушундай темп менен иштеп турсак , буюрса оңолобуз деп ойлойм. Мындан сырткары «Датка-Кемин» линиясы курулуп атат. Мурун ГЭСтердин бардыгы түштүктө болуп, биз жакка бир эле линия келсе, калган линиялар Алма-Ата,Ташкент аркылуу келчү. Аяктан өчүрүп койсо бизге кубаттуулук жетчү эмес. Өзүбүздүн бир линия менен бизге керектүү кубаттуулукту ала алчу эмеспиз. Эми буюрса Нарында курулуп жаткан ГЭС тер, «Датка-Кемин» линиясы курулуп бүтсө бизге каалашыбызча кубаттуулук алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.-дейт кубана Малай ага.

Ары түйшүктүү, ары жооптуу кесипти тандап алганына Малай Жумакадыровичтин бир да өкүнгөн күнү болгон эмес. Тескерисинче, ушул кесиптин ысык суугун электромонтер катары баштаган күндөн тартып жетекчи болгонуна чейин энергетикага тиешелүү бир да маселени көз жаздымда калтырбай, кесибине болгон урмат-сыйы артып келет. Бир гана өкүнгөнү- кечирээк билим алып калганы. «Балким, мектепти бүтөөрүм менен энергетика факультетине тапшырып өтүп кеткен болсом окуумду андан ары дагы улантып, илимий жагынан тармакка көбүрөөк пайда алып келет белем» деген адис энергетика жаатындагы илимий ачылыштарга кызыгаарын жашырган жок. Кырк жылдык иш тажрыйбасында Малай Жумакадырович тармактын ишин алдыга жылдыруу, жаңылануу жаатында бир топ сунуштарды киргизип, бүгүнкү күндө тармакта ийгиликтүү колдонулуп келе жатат.

Ар бир кесипте жолуккан кыйынчылыктардай эле энергетиктердин кесибинде да көйгөй жараткан маселелер көп кездешет.

- Энергетиктин кесибиндеги эң эле кыйынчылык туудурган нерсе- адамдын өмүрүнө келтирилген коркунуч. Энергетиктердин кубаттуулук жогору болгон жерге жакын жолоп алып мерт болуп же күйүп, майып болуп калган учурлары болот. Ошондуктан биз кызматкерлердин коопсуздук эрежелерин сактоосуна чоң көңүл бурабыз. Эрежелерде коопсуздукту сактоонун ар бир майда-чүйдөсүнөн бери жазылганы менен электр энергиясы менен тыгыз иштеп жүргөндүктөн энергетиктерде коркуу сезими жок болуп калат экен. Кыйынчылыктарга толгон күндөрдүн ичинен бир күндү эске сала кетсем, 2003-жылы болуш керек эле, 220-линиядан авария болуп, зым тирек жыгылып, Нарын облусун Балыкчы аркылуу кеткен 110 кВт ко котордук. Анан Балыкчы-Кочкор-Нарын деген линиянын бир жеринен зым үзүлүп, облус жалпы эле жарыксыз калды. Башка жерден алалы десек кубаттуулук жетпейт. Анан күнү-түнү уйку көрбөй жүрүп, үзүлгөн зымдарды кайра оңдоп, облуска жарык берип, анан 10 күн бою күнү-түнү иштеп, берки жыгылган зым тиректи кайра тургуздук. Ошондо ушул күндөр өтөөр бекен деп сары-санаа болчумун. Ушундай оор күндөр энергетиктердин башынан далай эле өтөт. Азыр болсо ошондой кооптуу жерлерди оңдоп, коопсуз жерлерге жылдырып, сынчу тиректерди, үзүлчү зымдарды карап чыгып, оңдоп-түзөп, алмаштырып, чоң авариялардын алдын алып келүүдөбүз. Ушундай иштердин негизинде 2005-жылдардан тартып, Кудайга шүгүр, чоң авариялар боло элек.- дейт Малай ага.

Айтмакчы, учурда теңиртоолук энергетиктер башкаларга үлгү боло алгыдай иштерди жүргүзүп республика боюнча энергетиктер арасында жылда өтүүчү сынактарда алдыңкы орундарды камсыз кылып келишет. Учурда Нарынга ар бир облустардан энергетиктер келишип, подстанциялардын жабдуулары, алардын сапаты, техникалык абалы, иштеши боюнча тажрыйба алмашып кетишүүдө.

«Чыныгы энергетик кандай сапаттардын ээси болушу керек?» дегенимде Малай агадан «энергетик эң оболу адис болушу керек» деген жооп алдым. Анын ою боюнча энергетик практиканы да теорияны да мыкты өздөштүрүп, экөөнү айкалыштырып иштей билүүсү абзел. Мындан сырткары тажрыйбанын болушу, ыкчамдык, тапкычтык, да энергетиктер үчүн башкы сапаттардын бири. Энергетик эл жарыксыз калганда ыкчам ойлонуп, иштеп, туңгуюктан жол таап кетиши керек. Бардык схема мыкты энергетиктин башында турушу абзел. Малай ага энергетиктерге «окугула» деген сөздү көп айтат экен.

Каарманыбыздын адамдык сапаттардан баалаганы эң оболу боорукердик, мээримдүүлүк. Бирөө кыйналып турганда ага жакшылык кылып, жардам берсе, ошол адамдын кубанганын көрүп өзүнө ыраазы болуп, андан өтүп кубанат. Баамчыл жетекчи ар бир жетегинде иштеген кызматкердин үй-бүлөлүк абалын, шартын жакындан билет. Ар бир кызматкерине улуулук акылын-насаатын айтып, кыйналып тургандарына колдоо көрсөтүп турат.

- Ар бир кызматкердин үй-бүлөсү, ата-энеси, бала-чакасы бар. Анан жумушунда же тартибинде кетирген калпыстыгы үчүн дароо эле бошотуп жиберүүнү мен туура көрбөйм. Себеби, мындай чечим менен балким бир үй-бүлөнүн тагдыры чечилип калат. Балдарын бага албай калып, үй-бүлөсү менен ажырашат, же ичип кетет. Ошондуктан, андай кызматкерди колдон келишинче тарбиялап, оңдогонго аракет кылам. Жакшы жашап, турмушу оңолуп аткан жаштарды көргөндө чын дилимден кубанам. Дегеле, канчалык көп жакшылык кылсаң, ошончолук жакшылык сага кайра кайтып келет деген чын. - дейт Малай ага.

Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын башчысы Малай Досмамбетовду жамааты да чынчыл, адилет, адамкерчиликтүү, дегеле адамдык улуу сапаттарга, жогорку уюштуруучулук жөндөмдөргө ээ билимдүү, мыкты жетекчи катары билишет. Малай Жумакадырович жетекчимин деп чиренбей тармакта кездешчү ар кандай оор кырдаалдарда, күн-түн дебей кесиптештери менен ар дайым бир катарда. Кесиптештери анын ар бир кызматкерге көргөн аталык камкордугун жогору баалашат. Малай Досмамбетовдун энергетика тармагына сиңирген көп жылдык эмгеги Өкмөт тарабынан да жогору бааланып ага КМШ өлкөлөрүнүн «Эмгек сиңирген энергетиги» ардактуу наамы ыйгарылган болсо, 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган. Мындан сырткары М.Досмамбетов Нарын шаарынын, Нарын облусунун «Ардактуу атуулу».

Малай Жумакадырович атасынын «Ар дайым жакшы иштеп, алдыда бол, мамлекеттин оокатына кол салба, бирөөгө жамандык издебе, жамандык кылба, «таш менен урганды аш менен ур!», деген насааттарын көңүлүнө бекем түйүп калгандыктан өмүр бою ошол ата насаатын жашоо принциби катары туу тутуп келет.

К.ЭСЕНАЛИЕВА, «ТеңирТоо» гезитинин атайын кабарчысы.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...