Акыркы макалалар

Арзан ун сатып алыңыз

Арзан ун сатып алыңыз

Өткөн жылдын күз айында ундун баасы кескин түрдө көтөрүлүп кеткенде элибиз: “Эгин-тегин чабылып, “ак төөнүн карды жарылып” турган маалда мынчалык кымбаттаса кышында, жазында, кайра эгин бышканча кантээр экенбиз”,-деп кабатырлана баштаган эле. Элдин турмушундагы чети оюлбаган көйгөйлөрдү четинен чечүүдө ар тараптуу аракеттерди көрүп жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү унду кымбаттаткан жеке ишкерлердин жана ортодон пайда тапкан ортомчулардын жолуна бөгөт коюп, элди арзан ун менен камсыз кылуу максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу аркылуу базар баасынан кыйла арзан ундарды саттыра баштаганы айрыкча көп бала- чакалуу жакыр үй-бүлөлөр үчүн көктөн издеген жерден табылгандай эле кеп болду.

Жакында элди кубандырган бул иштин чоо- жайынан кабар алмакка Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Шалтаев менен пикир алыштык. .

-Өзүңүздөргө маалым болгондой мындан үч ай мурда ундун баасынын кымбаттап кетиши элди гана эмес бийлик жетекчилерин да тынчсыздандыра баштаган эле. Мындай жагымсыз жагдайга өзгөчө көңүл бурган Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин демилгеси менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу аркылуу Ат-Башы, Кочкор райондорунда жана Нарын шаарында Балыкчыдагы “Алтын дан” ишканасынын 1-сорттогу 50 килдик баасы 1150 сомдук жана 2- сорттогу 788 сомдук ундар сатылып жатат. Бүгүнкү күнгө чейин баардыгы 239 тонна 245 кил ун түшүп, мындан 124 тонна 715 кили сатылды.Жыл жаңыраар алдында Жумгал районунун эли да мындай арзан ундарды ала башташты. Ал эми Ак-Талаа районунда саттыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, буюрса жакында ишке ашырылат.

Нарын шаарындагы “Мукаш ата” базарындагы №23 контейнерде сатылып жаткан ун тууралуу эл арасында эки ача пикирлер айтылып келет. Бири : “арзандын тузу татыбайт “ дегендей сыртынан жакшы көрүнгөнү менен камыры оңой менен ачыбайт, наны кычкыл, кыясы жакшы бышпаган буудайдын уну болуш керек”,-десе экинчиси мындай пикирди четке кагып: “ жок, андай эмес, жакшы эле ун экен” дегенден улам бул сөздүн чын- бышыгын билмекке базарга барып, сатуучу Гүлмира Мамбетованы кепке тарттык.

-Мен “Матрезервдин” унун 20-октябрдан баштап сатып жатамын. Ал кезде бул базарда ундун алды 1500 сомго чыгып кетип, эл кыйнала баштаганда Өкмөттүн мындай камкордугу абдан эле жакшы болду. Айрыкча балдарынын пособиеси пенсиясы менен күн көргөн бала- чакалуу айылдыктар ракматын айтып алып кетип жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин 52 тоннадан ашык ун сатылды.

Айтмакчы жыл жаңыраар алдында эл арасында: “№ 23 контейнерден ун сатып алгандар сапатсыз экен” деп арызданышып, Балыкчыга лабораторияга текшерүүгө алып кетишип, жыйынтыгында баары начар чыгып, бүт бойдон жүктөп кетишиптир”,-деген сөз тараган эле. Бул тууралуу билүүгө кызыкканыбызда сатуучу мындай деди:

Ооба, жаңы жылдын алдында ушундай ушак сөздөр айтылып кетти. Тааныштарым: “ арзан унуңар жаман болуп контейнериңер жабылып, иштебей калдыңбы?” дешип телефон чалышканда таңгалдым. Ырас эки жолу кардарлар келип начар экен деп өткөрүп, акчасын алып кетишкен. Бул тууралуу “Алтын данга” билдирсем дароо лаборант келип, баардык ундардан анализге алып кетип, текшерүүдө таза болуп чыккандыгын билдиришкен. Андан кийин кардарлардан алкыш гана угуп жатабыз. Кийин сураштырсам мындай сөздү жанымдагы сатуучулар айтышыптыр. Эми аларды да түшүнсө болот, көбү кредит төлөшөт, анан көп кардарлар биздин ундан алып кетип, соодалары мурдагыдай болбой калып кыйналып жатышат.

Сатуучунун мындай пикирин биз барган учурда ун алып жаткан өзүн Нарын шаарынын тургуну Асылбүбү Мамытовамын деп тааныштарган аял да ырастап ай сайын бирден мүшөк ун сатып алып жаткандыгын ундун жакшы экендигин айтып, ыраазычылыгын айта кетти. Андай болсо андай- мындай айтылган сөзгө ишенбей арзан ундан алып, азыноолок болсо да каражатыңызды үнөмдөп калыңыз окурман.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...