Акыркы макалалар

Президент Бишкектин жолдорун оңдоо боюнча долбоорго кол койду

Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун реабилитациялоо жана кайра конструкциялоо долбоорун ишке ашыруу протоколу ратификацияланды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаев "2014-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун реабилитациялоо жана кайра конструкциялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам КРдин Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Ушул мыйзамга ылайык, Тышкы иштер министрлигине Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнө Кыргызстан тарабынан көрсөтүлгөн протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...