Акыркы макалалар

Ысык-Кѳл – ден соолукту чыңдоочу эмес, бузуучу чѳйрѳгѳ айланып бараткансыйт…

Ысык-Кѳл – ден соолукту чыңдоочу эмес, бузуучу чѳйрѳгѳ айланып бараткансыйт…

Кыргыз жергеси байыртан бери ажайып көркөмдүгү, жанга жагымдуу климаты, бай жетиштүүлүгү менен өз элин сыймыктантып, жат элдин көзүн арттырып суктантып келгендиги кашкайган чындык.

Бирок акыркы замандарда элдин өсүшү, келген элдин көбөйүшү, техниканын өркүндөп көбөйүшү, жергебизди абалкыдай көрүнүштө жана сапатта сактоону кыйындатууда. Барган сайын жапайы жаныбарлардын, бадал-дарактардын саны да, түрлөрү да азаюуда. Элдүү чөйрөлөрдө абанын тутуму жагымсыз жакка өзгөрүп, ичкен суунун сапаты дагы төмөндөөдө. Айрыкча жашоого зарыл тамак-аш заттарын өндүрүп алуучу, айдоого жарактуу жерлердин аянты азайып, асылдуулугу төмөндөөдө.

Ушундай жагдайларды эске алып, элибиздин ден-сооолукта, жакшы сапатта жашоосун камсыз кылуу, болочок урпактарыбызга жергебиздин экологиялык шарттарынын, көрүнүштөрүнүн деңгээлин төмөндөтпөй калтырууну максат кылып, элибиздин сыймыгы, залкар жазуучубуз Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун өтүнүчү менен ЮНЕСКОнун кызматкерлери республикабыздын жергесин аралап көрүп, чоң кубануу, суктануу менен жактырышып, мындай жерди жакырлантып жоготуу жашаган элдин, мамлекеттин кечиримсиз күнөөсү экендигин эскертишип, түндүк-чыгыш Кыргызстандын аймагын же жок дегенде элдин сыймыгы, тоо бермети аталган Ысык-Көл ойдуңун биосфералык резерватка (аймакка) айлантууну сунушташкан эле. Алар элдүү чөйрөнү кандай аракет жүргүзүү менен биосфералык аймакка айлантуунун жолдорун облустун ар кайсы точкада жайгашкан үч айылынын үлгүсүндө көрсөтүп кетишти эле. Кыргыз мамлекети бүт дүйнөлүк уюмдун бул сунушун ыраазы болуу, кубануу менен кабыл алгандай эле болгон. Ысык-Көл ойдуңу «биосфералык аймак» деп аталып, ишти толук кандуу жолго салып, аймактагы табигый процесстер адамдын таасирисиз өтүүсүн камсыз кылуу үчүн «биосфералык институт» дагы уюшулган. Бирок иш жүзүндө андай болгон жок. Биосфералык аймактын чордону (ядросу) көлдүн Тескей Ала-Тоосунун аркы бети деп жарыяланды. Демек, Ысык-Кѳл ойдуңу биосфералык аймакка кирген жок. Демек, «Өзү өзүндө, өзөгү сыртында» деп табышмак айтууга так болуп калды. Бирок күндөлүк турмушта ойдуңду «биосфералык аймак» деп жалган эле айтып жүргөнүбүз байкалат. Облустун биосфералык аймак деп аталганына 15 жыл чамалуу убакыт болсо дагы, мамлекет тарабынан калкка биосфералык аймактын эли кандай мүнөздө жашап, кандай чарбачылык жүргүзүш керектиги жөнүндөгү көргөзмө кеңеш айтылганын аңдабадык. ЮНЕСКОнун кызматкерлери (немец улутундагы адистер эле) сунуштаган: айыл чарбасында минералдык жер семирткичтерди пайдаланууну токтотуп, биогумус, компосту, биогаздын калдыгы сыяктуу жергиликтүү жасалма жер семирткичтерди, айыл-чарба зыянкечтерге каршы уу химикаттарды колдонбой, биологиялык ыкмаларды колдонуу керек дешкен эле. Ал сунуштардын эч бири дыйканчылыкта колдонулганы байкалбайт.

Ушунча жылдан бери биосфералык институттун өзүлөрүнүн атын актай турган бир дагы илимий пайдалуу сунушун уга алган жокпуз. Тескерисинче, облус Көл аймагын жылдан-жылга өтө интенсивдүү пайдаланууда. Алакандай аймакты ээлеген облустун чөйрөсүнө үч аэропорт куруунун (Каракол, Тамчы, Тамга) зарылчылыгы бар беле? Ал самолёттор ойдуңдун абасын бийиктен булгап, күркүрөгөн дабыштары менен жапайы жаныбарларды үркүтүп жатпайбы?! Жай айларында жума, ишемби күндөрү Чүй тараптан Ысык-Көлдү көздөй үздүк-сөздүгү жок автомашиналардын чубатуусунан адам жолдон туура өтүп кетүүсү дагы өтө кыйын, кай бирде машинанын алдында калып дагы жүрүшөт. Жергиликтүү элдерде дагы машина көбөйүүдө. Азыр эле облустун ар бир экинчи, үчүнчү үй-бүлөсүндө бирден машина же мотоцикли бар, трактор, комбайндар дагы көбөйүүдө. Ушунча техникадан бөлүнүп чыккан уулуу газдар ойдуңду «Смог» кубулушуна алып келет деген да коркунуч бар. Анткени ойдуң тегерете туташ бийик тоо кыркалары менен курчалган эмеспи. Демек, булганыч аба сыртка таркап кетпей, ойдуңда жайылып, «Смог» жаралышы да ыктымал. Ошондой эле көлдүн өзүнөн бир булак суу дагы сыртка агып чыкпай тургандыгы белгилүү. Демек, бүт көл айланасындагы ыпластыктар, жер семирткичтердин, бак-дарактарга чачкан уу-химикаттар, гербициддердин көбү эле жуулуп көлгө куяры шексиз. Айрыкча көл айланасындагы эл киринүүчү кумдуу жээктердин (пляждар) 80 пайызынын чамасында ажаткана жоктугу кантип адамды зар какшатпай койсун.

Эгер мындан ары дагы туристтерден түшкөн кирешеге кызыгып, көл айланасын пайдаланууну күчөтө берсек, бул аймак ден соолукту чыңдоочу чөйрөдөн ден соолукту бузуучу чөйрөгө айланышы дагы күтүлүп тургансыйт. Ушундай жагдайларды эске алып, көл өрөөнүнүн тазалыгын, касиетин сактоого натыйжалуу кескин чараларды көрө баштоо, ЮНЕСКОнун кызматкерлери берген сунуштарды ишке ашыруу зарыл. Биздин оюбузча, бул өңүттө айтылгандан башка көрүлүүчү негизги чаралар төмөнкүлөр:

1. Көл ойдуңуна келген түркүн техникалардын санын чектөө.

2. Көл айланасындагы кумдуу жээктердин эң зарыл шарттары бар жерлеринде гана сууга түшүп эс алууга жол берүү.

3. Көл айланасындагы жер иштетүү менен алектенген элдерге экологияга зыянсыз чараларды гана колдонууга жол берүү жана өкмөт тарабынан мындай иштерге көмөк көрсөтүү.

4. Көл айланасындагы абориген жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү сактоого кам көрүү: жаныбарларын сактоо, гүлдөрүн үздүрбөө, дары-дармек өсүмдүктөрдү жеке адамдар жыйнап пайда көрүүсүнө тыюу салуу.

5. Көл айланасынын ар бир айылы айдоого жараксыз жерден аянтча бөлүп алып парк уюштуруп, курулуш материалдарын алууга, отунга пайдалануу, ошону менен жапайы карагай-бадалдарды сактоого жетишүү.

6. Көл жээгиндеги чычырканак токоюн калыбына келтирүү, коргоо бир кезде башталган. Көлдү айланта жашыл кырчоо түзүүнү улантуу.

7. Көл айланасындагы аялуу жердин бардыгына жаратылышты коргоо жарнактарын тургузуу.

8. Көл айланасы боюнча айдоого жарамдуу жерлердин эсебине шаар-кыштактарды, түркүн курулуштарды, мүрзөлөрдү кенейтүүгө толук тыюу салуу.

9. Көл айланасынан гүл үзүп, дарак кесип, жаныбарды өлтүрүп жаратылышка зыян келтиргендиги үчүн экскурсиянын жетекчисин, туристтердин гидин же аларды уюштурган уюмду, жеке адам болсо анын өзүн жоопко тартуу.

10. Көлдү же көл жээгин булгаган адамды айыптоо.

Бозум Алышбаев, жаратылышты коргоо коомунун (мурдагы) ардактуу мүчөсү, биология илимдеринин кандидаты, доцент, эмгек ардагери

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...