Акыркы макалалар

2014-жылы өлкө аймагында 177 өзгөчө кырдаал катталган

2014- жылы Кыргыз Республикасынын аймагында 177 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен 62 адам каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүдөй кырсыктар катталган: жер титирөө-1, кар көчкү-52, жер алдындагы суулардын көтөрүлүүсү-5, катуу шамал-14, чоң өрт кырсыктары-17, жер көчкү-3, муз тоңуу-7, катуу жааган кар-11, сел-42, таш кулоо-4, мөндүр-6, жердин чөгүүсү-2, жана кырсыктардан улам жалпысынан 177 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен 62 адам каза болгон.

Өткөн жыл ичинде КРнын ӨКМнин Өрттөн сактоо-куткаруу кызматтары тарабынан куткаруу иштерине 1063 чыгуу болсо, өрт өчүрүү эсептеринин чыгуулары 4478ге жеткен. Бул чыгуулардан жалпы 218 адамдын өмүрү сакталып калынган.

2014-жыл ичинде ар кандай кооптуулуктар жөнүндө 65 жолу шашылыш эскертүүлөр таркатылса, аларды калкка кабардандырууга багытталган 57 жолу СМС билдирүүлөр уюлдук телефондор аркылуу таркатылган.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...