Акыркы макалалар

Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майдын баасы дагы 1 сомго төмөндөдү

2015-жылдын 10-январынан тартып күйүүчү жана майлоочу май менен бензиндин бардык маркасына болгон баа республиканын бардык аймактарында төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда нефтетрейдерлер Ассоциациясынан билдиришти.

АИ-95 үлгүсүндөгү бензин Ош жана Баткен облустарында 1,5 сомго чейин арзандаган. Ал эми башка аймактарда 1 сомго.

"Жаңы жыл башталгандан бери бензиндин баасы биринчи жолу арзандап жатат. Ал эми 2014-жылдын ноябрь айынын аягынан баштап 6-жолу арзандашы. Бул убакыт аралыгында бензиндин баасы 4,5 сомдон 6,4 сомго чейин арзандаган. Күйүүчү жана майлоочу май 5 сомго чейин арзандап, өткөн жылдын январына салыштырмалуу 1 сом 50 тыйынга арзан сатылууда", - деп жазылат маалыматта.

Күйүүчү жана майлоочу майдын баасынын арзандашы, Россиядан чыгаруу баасынын төмөндөшү менен байланыштуу.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...