Акыркы макалалар

ТАРБИЯ ИШИНДЕ ТАНАПИС ЖОК

Райондун мектептеринде окутуу-тарбиялоо иштеринин жүрүшү, айрыкча өткөн окуу жылында жетишилген ийгиликтер, мүчүлүштүктөр, дегеле бул тармактын күңгөй-тескейи тууралуу Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дөөткулов Дүйшөнбек менен болгон маекти окурмандарга сунуштайбыз.

- Дүйшөнбек Жумамүдүнович, өткөн окуу жылынын жыйынтыгына учкай токтоло кетсеңиз?

- Районубуздун мектептеринде 10 100 окуучу билим алып, окуу жылын аякташты. Жалпы окуучулардын 53 пайызы «4» жана «5» деген баалар менен жылды жыйынтыкташты. 9-класстардын окуучуларынан 25 окуучу артыкчылык күбөлүгүн, 11-классты бүтүрүшкөн 678 окуучудан 2 окуучу артыкчылык аттестатын алышты. Бүтүрүүчү класстардан жалпы республикалык тестирлөөгө бизден 682 окуучу катышты. Алардан 351 окуучу жогорку окуу жайларына өтүүчү упайларга ээ болушту.

- Сөзүңүзгө аралжы. Республикалык тестирлөөгө катышууда өзгөчө айырмаланган мектеп барбы?

- Андайдан уучубуз куру эмес. Республикалык тестирлөөгө катышууда Талды-Суу айыл округундагы А.Осмоналиев атындагы орто мектеп (директору О.Байкова) эки жылдан бери райондо биринчи орунда келе жатат. Бул мектептен өткөн окуу жылында республикалык тестирлөөдө 22 окуучу катышып, алардан 19 окуучу 105тен 200гө чейин упайга ээ болушту.

- Мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы кандай?

- Мен республиканын бардык облустарынын бир катар райондорунда болуп, айыл жериндеги мектептерди көрдүм. Кудайга шүгүр, алардын айрымдарына салыштырмалуу бизде мектептердин абалы кыйла жогору. Кудай анын бетин ары кылсын, авариялык мектеп жок. Чатырларда окуган балдарды көрүп, зээниң кейийт. Мектептерибиздин 99 пайызы учурдун талабына ылайык имараттарда жайгашкан. Бирок, колдо бар алтындын баркы жок кылбай мектептердин ичи-сыртын, класстык бөлмөлөрдү жылыга ремонттоп туруу салтка айланган. Жылыга эле жыртык-тешикти бүтөп, жаңыртып сырдап туруш үчүн каражат керек. Алакан жайып олтура берсең эч ким эч нерсе бербейт. Мектептердин директорлору, мугалимдер жамааттары ар кандай долбоорлорду жазып, инвестиция тартуу, сүйлөшүү жолу менен демөөрчүлөрдү табуу боюнча натыйжалуу аракеттерди көрүп жатышат.

Т.Тынымбаев, Боогачы, Карыбек уулу Акматаалы, Ч.Асеков, К.Карпеков, А.Капаров атындагы орто мектептер долбоор жазышып, түрткү берүүчү гранттан 10 миллион 500 миң сомдук капиталдык ремонт иштерин жүргүзүп алышты. Н. Үсөналиев атындагы орто мектеп (директору А. Эшмамбетов) демөөрчүлөр менен тил табышып, эки-үч жылдан бери мектептин чатырын, спорт залын, спорт аянтчасын, он бир классты евроремонттон өткөрдү. Үстүбүздөгү жылы жеке ишкер Кенжебаев Болот мектептин 1-кабатынын полун бир миллион сом жумшап, толук жаңыртып берди. Ой-Терскен орто мектеби (директору Э.Осмонов) ата-энелердин, мугалимдердин, бүтүрүүчүлөрдүн жана башка демөөрчүлөрдүн жардамы менен 14 классты евроремонттон өткөрүштү. Мындай мисалдарды айта берсек өтө көп.

- Мектептерди жаңы окуу жылына даярдоо боюнча жылыга облустук, райондук кароо-сынактар өткөрүлүп келе жатпайбы. Бул туурасында…

- Жогоруда айтылып кеткендей мектептерди оңдоп-түзөп туруу ичкен ашыбыздай эле болуп калды. Тарбия ишинде танапис жок дегендей окуу жылы аяктаары менен мектепти ремонттоого киришебиз. Бардык мектептер биринчилик үчүн ат салышат. 2012-2013-окуу жылына карата Нарын облустук мамлекеттик администрациясы уюштурган «Алдыңкы мектеп» кароо-сынагында Өзгөрүш айылындагы С.Райымбеков атындагы орто мектеп (директору Багышов Төлөбек), Казыбек айылындагы Н.Үсөналиев атындагы орто мектеп (директору Эшмамбетов Алмамбет) Нарын облусу боюнча биринчи орунду жеңип алышып, бул мектептердин директорлору Дубайга барып келүүгө жолдомо алышты. Сыйлык алардыкы, сыймык барыбыздыкы болду.

Райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан өткөрүлгөн «Алдыңкы мектеп» кароо-сынагында Ача-Кайыңды айыл округундагы Ой-Терскен орто мектеби (директору Осмонов Эшимбек) жеңүүчү болуп, райондун өтмө Кызыл Туусуна жана акчалай сыйлыгына ээ болду.

- Билим берүү тармагындагы көйгөйлөр көмүскөдө калбасын.

- «Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт» дегендей сөз кезеги келгенде айтпай коюуга болбойт. Кол эмгек, дене тарбия, информатика, география, тарых, химия сабактарын өткөрүү боюнча тиешелүү инвентарлар дээрлик жетишпейт. Кол эмгек сабагын өткөрүүгө мастерской андагы ар кандай станок эмес балка, чот, араа, химия сабагы боюнча лаборатория, аспаптар, көрсөтмөлүү куралдар, башка сабактар боюнча компьютерлер, карталар ж.б жетишпейт. Окуучуларга жеткиликтүү билим берүүдө окуу китептери менен катар жогоруда аталган предметтер боюнча көрсөтмөлүү куралдар жетиштүү болушу зарыл эле. Бул жетишпестик барып эле каражатка такалат. Бул маселе боюнча тиешелүү жерлерге маселелерди коюп келе жатабыз, бирок майнап жок.

- Мектептердеги жылуулук маселелси кандай?

- Алты мектеп электр менен жылытылат. 14 мектепке көмүр жагылат. Бирок, от жагуучу мештер, жылуулук системалары эскилиги жетип жарылып, сынып капиталдык оңдоого муктаж болуп турат. Бул боюнча маселе козгоп, аракет жасап жатабыз. Бирок, натыйжа болбой жатат. Ошого карабай көмүр сентябрь айына чейин эле түшүрүлүп, кыштан аман-эсен, жылуу чыгабыз деген ишенич бар.

- Босогодо жаңы жыл. Каалоо-тилегиңиз бардыр?

- Жаңы кирип келе жаткан 2013-жыл жалпы адамзатка, Кыргызстандыктарга, анын тутумундагы районубуздун элине, билим берүү кызматкерлерине, мектеп окуучуларына тынчтыкты, аманчылыкты, ынтымакты, бакубат жашоону алып келсин.

Жаркыраган келечегибиз үчүн акылыбызды, билимибизди, эмгегибизди биргелешип жумшайлы! Жаңы жыл алдында атайын келип аңгемелешкениңиз үчүн Сизге ракмат айтамын. «Ат-Башы жаңылыктары» гезитинин жамаатына чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик каалаймын!

-Рахмат.

Маектешкен Тынчтык Султанов

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...