Акыркы макалалар

Туманга байланыштуу Ош аэропорту учактарды кабыл албай жатат

Эл аралык Ош аба майданын туман каптап турганына байланыштуу учактар коно албай жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Манас” аэропортунун аткаруучу директору Илим Карыпбеков билдирди.

- Дагы эки саат кармалышы мүмкүн. Кыштын күнү мындай көрүнүштөр болуп турат. Жүргүнчүлөрдү сабырдуулукка чакырабыз.

Мунун алдында “Манас” аэропортунан жүргүнчүлөр “Азаттыкка” Бишкек-Ош рейси 3 сааттан бери кармалып жатканын кабарлашкан.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...